Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:12

“Азаттык” үналгысынын “Талант тагдыры” аттуу музыкалык түрмөгүндө айтылуу ырчы Токтогул Сатылгановдун кызы, белгилүү темир ооз комузчу Гүлсаранын татаал жеке жана чыгармачылык тагдыры жөнүндө тааныштарган элек. Эми болсо Токтогулдун уулу, өз кезегинде кыргыз угармандарына белгилүү комузчу-аткаруучу, күүчү катары таанылган Бабажандын чыгармачылыгына, жаркын элесине арналган берүүнүн экинчи бөлүгү сунуш кылынат.

1929-жыл. Жаркыраган жаз айы. Таңдайынан ыр берметтери, колунан кереметтүү күүлөрдүн сандаган кайрыктары төгүлгөн Токтогул ак жерден айдалып кеткенде төрт жашар Топчубайынан айрылып, “Каралдым жалгыз өлүптүр, калың тууган көөмтүр, катыным эрге тийиптир, карган энем күйүптүр” – деп кайгынын сазына батып кошкон. Андан кийин алган жары Сейдимкан этегинен жалгап эркек төрөйт. Током кубанычьын кучагына бата “Эми өлсөм арманым жок” деп наристесинин атын Бабажан коет.

Баладан көзү каткан Током Бабажан боорун жерден көтөргөндөн “Балам бактым, мураскерим, түтүнүмдү булатарым, өнөрүмдү уларым, сага өмүр берсин”, - деп кайда барса да, жанынан жарым карыш чыгарбай ала жүрөт. Анан Током басса-турса да Бабажан менен Гүлсараны өнөрүн алып калууга үндөп үгүттөйт. Бул тууралуу бир жолку жолугушууда Бабажан:

- Маркум атам эртели-кеч Гүлсара эжем экөөбүздү жанына отургузуп алып, аталык акыл-насаатын айтып, укканда мемиреткен күүлөрүн чертип, бал татыган ырларын ырдап, жарпыбызды жазчу. “Өнөрлүү өлбөйт” деген илгеркилер, мен өнөрүмдүн аркасы менен нечен өлүмдөн калдым. Эки эли тилимди сайратып, комузумду таңшытып чертип жүрүп, мына эми бактылуу заманга жеттим. Бул дүйнөдө балдарым өлбөй турган жан жок, “жаман айтпай, жакшы жок” дегендей, мен да өлөм. Атаганат, баягынын балдары атасынын өнөрүн өлтүрбөй алып калыптыр дегенге не жетсин! Андыктан, аз да болсо, менин бирин-экин өнөрүмдү алып калгыла”, - дечү.

Атамдын мындай айткан сөздөрүн көкүрөккө түйүп, эжем экөөбүз көңүлүбүзгө бек сактадык. Кол арага жарагандан тартып, колума комуз алдым. Гүлсара эжем Бурма чоң энебиздин жолун жолдоп, темир комузду кага баштады. Мен атамын күүлөрүн черте баштадым. Атадан жаш калсам, атам өлсө да атам менен бирге жүрүп, бир казандан аш ичишкен шакирттери Алымкул, Коргоол, Эркесары, Шекербек аталардан атамдын бир топ күүлөрүн үйрөнүп, эл арасында чертип жүрөм.


Ооба, Бабажан атадан жаш, акылдан бош калса да атасынын “Менин өнөрүмдү алып калгыла” деген керээз сөзүн туу тутуп Токомдун “Насыйкат”, “Төө үстүндө”, “Казак жеринде”, “Каракаш торгой суу кайда”, “Сылама кербез”, “Торгой менен Турумтай” аттуу күүлөрүн шакирттеринен үйрөнөт.

Айрыкча, Бабажан атасынын күүлөрүнүн ичинен “Торгой менен Турумтай” аттуу күүсүн өзгөчө эргүү, өзгөчө кумарлануу менен бүтүндөй жан дүйнөсүн берип коюп чертчү. Бабажан ал күүнү черткенде Турумтайдын керээлден кечке жем издеп жолу болбой келе жатып, сайрап отурган торгойго жолукканын, торгойдун Турумтайды көрүп коркконунан эки көзү чанагынан чыгып кете жаздаганын, учуп кете албай турган абалын, акыры Турумтай торгойду көрүп кууп жөнөгөнүн, торгойду кармап алганын, анан жан- айласын таба албай жалынганын, Турумтай ага боору ооруп бир-эки чокуп алып таштап кеткенин, акыры торгой эсине келип, суудан ичип, беш балапанын эстеп сапар алганын баяндай отуруп, алардын келбеттерин ар бир угуучунун көз алдына элестетте чертер эле.

Бабажан көзү өткөнчө атасынын жолун жолдоп, бүтүндөй өмүрүн, өнөрүн элине арнайт. Узак жылдар бою Токтогул районунун маданият үйүндө, андан кийин өмүрүнүн соңку жылдарында Кыргыз Улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда артист болуп иштейт. Республикалык, Бүткүл Союздук сынактарга, фестивалдарга катышат. Бир нече ирээт алардын жеңүүчүлөрүнөн болот.

Бабажан атасынын күүлөрүн чертүү менен бирге Токомдун үлгүсүндөгү комуздарды чыныгысын чыгара чапкан уста да эле. Колунан көөрү төгүлгөн усталык менен бирге “Атам болсочу”, “Сен дүйнө”, “Эки дос”, “Алгачкы кадам” аттуу бир топ күүлөрдү чыгарган.

Токомдун уулу Бабажанды өткөн кылымдын 1955-жылынан тартып, 1991-жылга көзү өткөнгө чейин жакшы билген, бирге иштешкен, маркумдун үйүндө бир жыл жашаган таанымал ак таңдай төкмө акын, эл артисти Тууганбай Абдиев мындайча эскерет:

- Айтылуу Токомдун уулу Бабажанды мен биринчи жолу 7-8 жашымда көрдүм. Биздин Үч-Терек районунун Ичке-Сай деген айылына Токтогул районунун маданият үйүнүн артисттери оюн коюуп, концерт берип калышты. Артисттердин көбүн билбейм, тааныбайм. Ошондо айылдагылар башына топу кийген 16-17 жаштар чамасындагы орто бойлуу жигитти “Токтогулдун баласы” дешип, анын өнөрүн көрүүгө кызыгышты. Ал эл алдына чыгып күү чертти. Эмне деген күү экени эсимде жок.

Туз буйруп Бабажан аке менен 1955-жылдан баштап жакындан тааныштым. 1956-жылдан Токтогул районунун маданият үйүндө бирге иштештим. Ал турсун бир жылча Бабажан акенин үйүндө бир казандан аш жеп, бир чайнектен чай ичип бирге жашадым. Токомдун байбичеси Сейдимкан апаны көрдүм. Колунан тамак ичтим.

Бир жылдан кийин областтык Жалал-Абад драма театрына которулуп кеттим. Гүлсара эже 1961-жылы ноябрь айында каза тапты. Бабажан аке ордо калаага келди. Филармонияда артист болуп 1991-жылга каза болгонго чейин иштеди. Бабажан аке биринчиден, өтө мыкты адам эле. Бирөөнүн аттын башындай алтыны болсо да карап койбогон, алынып жулунбаган, бирөөгө катуу айтпаган, үнүн көтөрүп сүйлөбөгөн, бирөөгө жаманчылык каалабаган кудай момун адам эле. Атаны ар ким ар кандай тартат. Током өлгөндө 5-6 жашта экен. Токомдун күүлөрүн шакирттеринен үйрөндү. Бабажан аке комуз чертүү менен бирге ар кандай интермедияларды коюучу. Атасынын үлгүсүндө комуз да чабуучу.

Гүлсара эжени мен да көрүп калдым. Ал эже аябагандай тың, чыйрак айым эле. Темир ооз комузду да жакшы кагуучу. Ойногон күүлөрүн да уктум. Эже 35-36 жаштын аралыгында күтүлбөгөн кырсыкка учурап каза тапты. бабажан аке эжесин энесиндей көрүп, туу катары тутчу. Ал эжеси өлгөндөн кийин эмнегедир кайгыга алдырып, өзүн таштап жиберди.

Маркум Бабажан аке казак күүлөрүн комузда жакшы чертүүчү. Токтогул районунун маданият үйүндө иштеп жүргөндө кыздардан, Жусуп, Барпы, Нарынбай, Токтогулдун шакирти Калмурзадан турган комузчулардан ансамблин уюштурат. кыздарга мандалин үйрөтөт. Ошентип Бабажан аке бүтүндөй өмүрүн элдик музыкага арнап, артына көөнөрбөс мурастарды калтырып кетти.


Айтылуу Токтогулдун уулу Бабажан таланты ашып ташып, элге бергенинен бере элеги көп болуп турган 62 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Тирүү болгондо эмдиги жылы 80 жашка чыкмак. Канча мезгил өтсө да Бабажандын элине таштап кеткен көөнөрбөс мурастары жашай берет.
XS
SM
MD
LG