Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Орусиядагы авиакырсыктан сексен сегиз киши мерт болду


"Аэрофлот-Норд " авиакомпаниясына таандык Боинг-737 учагы Москвадан учуп чыккан эле. Ал өткөн түнү Пермь шаарына коноор алдында кыйрады. Учактын ичинде сексен эки жүргүнчү, анын ичинде алты жаш бала жана экипаждын алты мүчөсү болгон. Жүргүнчүлөрдүн жыйырма чактысы, кабарларга караганда, чет элдик жарандар эле. Кырсыктын себептерин иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү. Учактын кыйроосунан Транссибирь темир жолунун ошол жердеги бөлүгү да зыян тарткан.

XS
SM
MD
LG