Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:21

Түркмөн бийлиги Ашхабаддагы атышууну наркоаткезчилерге каршы операция катары мүнөздөдү


Бул тууралуу түркмөн тышкы иштер министрлиги бүгүн тараткан билдирүүдө белгиленет. Ал маалыматка караганда, Ашхабадда ишембиде наркосоода менен алектенген кылмыштуу топту нейтралдаштыруу операциясы өткөрүлгөн.
Расмий билдирүүдө атышуу учурунда кандайдыр бир жоготуу болгон –болбогону же наркоаткезчи деп шектелгендерин канчасы кармалганы тууралуу эч нерсе айтылган эмес.
"Азаттык жана Эркин Европа" үналгысынын түркмөн кызматы алган такталбаган маалыматтар боюнча коопсуздук күчтөрү менен атышууга исламчыл топ тартылган. Эки тараптан тең өлгөндөр жана жаракат алгандар бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG