Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:13

07:25 Бүгүн коомдук парламенттин кезектеги жыйыны өтөт


“Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкуловдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, коомдук парламенттин бүгүнкү отурумунда өлкөдө экономикалык жана саясый кырдаал , сөз эркиндиги жана адам укуктарынын абалы талкууланат. Ошондой эле жыйында Кыргызстандын өнүгүү концепциясы боюнча доклад окулуп, пикир алмашуулар болот. Жогоруда белгиленген маселелерден сырткары оппозициянын кеч күзгө пландаштырып жаткан Элдик курултайга даярдык көрүү маселеси каралат. Отурумдун жыйынтыгы боюнча атайын резолюция кабыл алынаары күтүлүүдө.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG