Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:04

07:50 Эртеңден тартып жарандык коом шайлоого карата маалыматтык-агартуу өнөктүгүн жүргүзүп баштайт


Аталган кампания 5-октябрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоонун адилет өтүүсүн камсыздоо жана шайлоочуларга алардын укуктары тууралуу маалымат берүү максатында республика боюнча жүргүзүлөт. Иш чаранын демилгечилеринин бири “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, үгүт иштери жүрүп аткан мезгилде шайлоочулар талапкерлердин убадаларын гана укпастан, алардын шайлоо программсына кызыгып, берген убадаларын жүзөгө аткаруу үчүн кандай аракеттер көрүлөөрүн сурашы керек. Д.Ошурахунованын белгилешинче, 5-октябрда өтө турган шайлоодо оппозициялык маанайдагы талапкерлерге каршы административдик ресурс колдонот деген кооптонулар да жок эмес. Маалыматтык-агартуу кампаниясы жарандык коомдун шайлоо тармагында иш алып барган алты уюмдан турган “Жарандык уюмдар бирикмеси” аттуу уюм тарабынан уюштурулууда. Иш чара 1-2-октябрга чейин созулат.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG