Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:50

Эдил Сапарбек уулу, Прага ш. Таня Казира 1986-жылы Чернобыл өзөктүк кырсыгынан жапа чеккен аймакта жашаган жана ар жылы чет өлкөгө барып дарыланган же жөн эле эс алган элүү миңдей баланын бири. Бул балдар үчүн жыл сайын жайкы каникулда чет мамлекетте болуп кайтуу адаттагыдай эле көрүнүш. Бирок Таня өзүнүн эң акыркы АКШга болгон саякатында кайра мекенине кайткысы келбей турганын жарыялап, расмий Минскинин жаалын келтирди. Эми Беларус аткаминерлери бул окуядан кийин Чернобыл каргашасынан жапа чеккен аймакта жашаган балдарды чет өлкөгө чыгарууга дароо тыйуу салды. Расмий Минскинин мындай кадамына кабатыр болгон Ирландия Лукашенконун бийлигин бул чечимди кайра карап чыгууга чакырды.

Тогуз жылдан бери жайкы эс алуусун АКШнын Калифорния жергесиндеги үй-бүлө менен өткөрүп келген Таня Казира быйылкы каникулу бүтүп жатканда өз ата журту Беларуска кайтпай, өзүн баккан америкалык үй-бүлөдө кала берүүнү чечти.

16 жашар “Чернобыль кызынын” айтымында, ал үч балалуу Дебра жана Мануэл Запаталардын үй-бүлөсүндө кала берүүнү эп көрдү. Атүгүл Таня аларды “чыныгы үй бүлөм” деп атап алган.

Бирок Танянын мындай чечими дүйнөлүк маанидеги жаңжалдуу окуяга айланды. Расмий Минск анын чечимине абдан нааразылыгын билдирип, Чернобыл каргашасынын таасиринде калган аймактагы башка балдар-кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна тыйуу салды. Минск чет мамлекеттердин өкмөттөрүнөн конокко чакырылган балдарды кайра атажуртуна кайтарабыз деген кепилдикти талап кылууда. Бул окуянын айынан бул балдарга ырааттуу жардам берип келген эл аралык кайрымдуулук уюмдарынын иш-аракети да үзгүлтүккө учуроодо.

Ошондой уюмдардын бири – Ирландиядагы “Чернобыл бардарынын эл аралык долбоору” уюму (Chernobyl Children's Project International). Аны 1991-жылы негиздеген Ади Роч (Adi Roche) айым “Азаттык” үналгысына мындай кабатырлануусу менен бөлүштү:

- Чернобыль алааматы болгондон берки жыйырма эки жыл ичинде жүз миңдеген бала дал ушундай “өмүр жолунун” кайырын көрүп келген, ага ылайык Беларустагы жаш муундар саламаттыгы чың өсүшү үчүн жана болочокку бала-чакасынын ден соолугу да чың болушу үчүн зарыл көмөк алышкан. Бирок эми Ирландия, Германия же Америка сыяктуу өлкөлөргө медициналык тейлөөсүн алуу, дарылануу жана албетте, дем алып, саламаттыгын калыбына келтирүү үчүн сапарга чыккандарга бул окуя өтө оор залакасын тийгизди. Алар – чет жакка чыккан балдардын көпчүлүгүн түзөт. Биз абдан дендароо болуп калдык, анткени бул чет элдик сапар – балдар үчүн өмүр жолуна тете болчу.

Ади Рочтун маалымдашынча, Чернобылдын кесепети тийген аймактан жылына элүү миңдей бала АКШ жана Европа Биримдигинин айрым өлкөлөрүнө дарыланууга жана эс алууга барышат. “Чернобыл бардарынын эл аралык долбоору” уюму аркылуу эле АКШга жылына 1400дөй бала жергиликтүү америкалык үй-бүлөлөрдө эс алууга барышат.

Ал эми долбоордун эң негизги мааниси - бул жашоого эң эле керек медициналык колдоо көрсөтүү, ошондой эле жакында Ирландия өкмөтү “Чернобыл бардарынын эл аралык долбооруна” Беларуста медициналык тейлөө борборун куруу үчүн 1 млн. АКШ долларын бөлүп берген. Эгерде биз Беларус өкмөтүнүн балдарды чет өлкөгө чыгарууга жолтоо болгон чечимин өзгөрттүрө албасак, анда биз Ирландия бөлүп жаткан каражаттан кол жууп калышыбыз да ажеп эмес, дейт Роч айым.

Расмий Минск талаш-тартыш жараткан чечимди кабыл алаардан мурда, Беларустун бийлик өкүлү үч ирээт Таня жана Запатастардын үй-бүлөсү менен жолугуп, Таняны үйүнө кайтууга көндүрүүгө майнапсыз аракет кылган.

Бирок Таня оюн өзгөрткөн жок, ал эми Запатастар болсо кайра адвокат жалдап, Танянын Америкада калып окуусуна мүмкүнчүлүк түзүү үчүн студенттик виза алып берүү аракетин көрүшүүдө. Адвокаттын айтымында, Танянын азыркы визасынын мөөнөтү быйыл 5-декабрда аяктайт.

АКШда дагы, Беларуста да коомчулук арасында Танянын чыры ар кыл пикирлерди жаратууда.

Маселен, кээ бир беларустар Танянын чечимине түшүнүү менен мамиле кылса, айрымдары аны сынга алып, башка Чернобыл балдарынын убалына калчу жагдай түздү дешүүдө. Бул тууралуу «Азаттыктын» Беларус кызматынын серепчиси Ян Максимюк мындай дейт:

- Өз тагдыры тууралуу чечимди кабыл алууга Таня жетилип калган деп эл ишенет. Анын үстүнө, анын Америкада калып калуусуна жолтоо боло турчу бул жактагы үй-бүлөлүк шарты деле жок. Албетте, айрым жердештери Таня башка балдарга жаман жорук аркылуу терс таасир тийгизбеши үчүн мекенине кайра кайтып келиши керек деп да жатышат. Ошентсе да, көпчүлүгү Таняга түшүнүү менен мамиле кылууда.

АКШнын pressdemocrat.com маалымат булагында Таня тууралуу макалага өзүн “Квандюк” деп атаган окурман, Таня үйүнө кайтып, эрезеге жеткенде АКШга мыйзамдуу жол менен келсе дурус болоор эле, деген комментарий калтырган. Бирок Таняны колдоп жазгандар да жок эмес. Мисалы: “Мына, жадагалса балдар да Беларус режиминен качып жатышат”, - деп бирөө айтат. Өзүн атагысы келбеген дагы бир окурман: “Таня диктатордук жана тоталитардык өлкөдөн келди, чындап эле ким мындай өлкөгө кайткысы келсин”, - деп суроо койот.
XS
SM
MD
LG