Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:10

13:42 Президент шайлоо жараяны саясатташып кетүүсүнө жол бербөөгө чакырды


Өлкө башчысы бүгүн президенттик админстрациянын бөлүм башчылары менен салтка айланган жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө мамлекет башчысы улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 80 жылдыгына карата мааракелик иш чараларды өткөрүүнүн жүрүшүнө кызыгып, мамлекеттик катчы Досбол Нур уулунун маалыматын уккан соң белгиленген бардык иш чаралардын өз убагында аткарылышы маанилүү экендине токтолду. Президент ошондой эле бүгүндөн баштап жергиликтүү кеңештерге шайлоо боюнча үгүт иштери башталгандыгын айтып, шайлоо таза жана адилет өтүшү керектигин белгиледи. “Шайлоочулардын өз тандоолорун жакшынакай шартта, өзү билген жана ишенген талапкерге жасашы үчүн бардык шарттар түзүлүшү керек. Шайлоо процесси мыйзамдын чегинде өтүп, анын өтө эле саясаттышып кетишине жол бербешибиз керек”, - деди Курманбек Бакиев. Мындай маалыматты президенттин басма сөз кызматы таратты. (SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG