Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:10

“АПТА”: НАРЫНДЫ УЛУТТАР АРАЛЫК ДАРЫЯГА АЙЛАНТУУ, ЭНЕРГЕТИКАЛЫК САЯСАТ, ОППОЗИЦИЯНЫН КОАЛИЦИЯСЫ


Өткөн жуманын башында “Акыйкат үчүн” кыймыл менен Социал-демократиялык партия биргелешип аракеттенүүнү макулдашты, Өзбекстан Нарын-Сыр-Дарыяга улуттар аралык дарыя статусун берүү талабын көтөрүп чыкты, Бишкек шаарынын мэри Бишкек ТЭЦин шаардын балансына алуу жана Бишкекэлектро ишканасын түзүү демилгеси менен чыкты. Бул өкмөттүн “Түндүкэлекторо” баш болгон бир катар энергетикалык ишканаларды сатуу демилгесине туура келе бербейт.

Бул жумада Өзбекстан Нарын-Сыр-Дарыяга улуттар аралык статусун берүү талабы менен чыкты. Шаршемби күнү Алма-Ата шаарында болгон Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлеринин жыйынында Ташкендин делегациясы ушундай талап коюп, ансыз келе жаткан кышта энергетика багытында кызматташуу боюнча протоколго кол коюга барбасын билдирди.Өзбекстан делегациясы тарабынан Нарын-Сыр-Дарыяга улуттар аралык дарыя статусун берүү талабы коюлганын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков тастыктады:

Өзбек тарап ушундай талап коюп жатат. Бирок мындай талап тышкы иштер министрлиги аркылуу жасалыш керек. Бир жумадан кийин кайра чогулабыз. Бул жыйынга эми тажиктердин делегациясын да чакырып жатабыз. Сүйлөшүүлөрдү улантабыз.



Өзбек тарап коюп жаткан талапты Кыргызстан кабыл алууга болобу? Эгерде кабыл алынса, анын кандай терс жактары бар? Мындай суроо менен мурунку вице-премьер-министр Базарбай Мамбетовго кайрылган элек, анын жообу мындай болду:

Эгерде биз ошондой статусту берсек, анда Нарын-Сыр-Дарыяга келип жаткан суу ресурстарына биз ээ боло албай калабыз. Алар төрт өлкөнүн келишими менен ошондой документке кол койдуруп, ошондой статусту берип, анан кийин төрт өлкө биргелешип, Нарын-Сыр-Дарыянын суусун башкарат дегенге алып келгени жатышат. Дарыядагы сууну башкарууну Ташкентте орношкон БВО Сыр-Дарыя деген органга өткөрүп бергени жатышат. Эгерде андай болсо биз эч нерсесиз калабыз. Эң негизгиси муну тышкы иштер министрлиги чечет дебей эле, биздикилер кескин түрдө ага бара албайбыз, ал Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына туура келбейт деп, кескин жооп бериш керек. Мындай ойлорду четке кагып турушубуз керек.

Эгерде кезектеги жыйында Өзбекстан өзүнүн талабынан кайтпай, региондун энергетикалык системасын биргелешип иштетүүдөн баш тартса, анда Кыргызстан менен Казакстан ортосунда сүйлөшүү болуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча протоколого кол коюлушу ыктымал. Бирок кандай болгон күндө кыш кычырап турган мезгилде Өзбекстан менен газ боюнча сүйлөшүү жүргүзүү зарылчылыгы келип чыгат. Анткени декабрь айында “Кыргызгаздын” “Узтрансгаз” менен бир жылдык келишими аяктап, келерки жылга жаңы келишим түзүу зарылдыгы келип чыгат. Эски келишим боюнча Кыргызстан 1 миң куб метр газды 150 доллардан алып жатса, жаңы жылдан баштап анын баасы 300 доллар болору айтылууда. Өкмөт башчы Игорь Чудинов да газга баа көтөрүлөрүн эскертти.



Бул жумада өкмөт башчы Кыргызстанда жүрүп жаткан энергетикалык кризиске катаал кыш, кургакчыл жаз эле эмес, туура эмес чечимдер да себеп болгонун моюнга алды. Өкмөт башчы 2004-жылы мурунку бийлик тушунда Орусияга электр энергиясын экспорттоо максатында 3 миллиард куб.метр суунун агызылышы катачылык болгонун айтып, бирок азыркы бийлик тушунда өткөн жылдары Өзбекстанга өтө арзан баада электр энергиясы сатылып, ошого жараша миллиарддаган куб метр суу берилгени тууралуу үн каткан жок.

Ал эми оппозициялык саясатчылардын пикиринде, мына ошол акыркы мезгилде кетирилген катачылыктар өлкөнү оор абалга туш кылып, калктын жарыксыз карайлоосуна алып келди.

Ал катачылыктарга кимдир бирөө жооп бериш керекпи деген сурообузга коопсуздук кеңештин катчысы Исмаил Исаков мындай жообун берди:

Мунун баары иликтенип жатат. Кудай буюрса, убагы келсе анын жыйынтыгы элге маалым болот деп ойлоймун. Анын бүгүн же эртең эле катуу чара көрүлөт деген туура болбой калат. Мына премьер-министр такталгандан кийин өзү айтып жатат ушундай болгон экен деп. Ооба, чындыгында 2006, 2007-жылдары ага чейинки жылдарда келечекти ойлобой “чоң” иштер аткарылып калган. Андан сырткары уурдоолор абдан көп болуп жатат. Жетекчилер аны токтото албай жатат. Шаардын жаңы мэри шаарды тартипке салуу максатында чара көрүп жатат. Уурдоо менен алектенген отузга жакын мекеме табылып, алардан бошогон 10 миллион килловат саат электр энергиясын элге берсек болот деп чыгышты. Андайлар дагы бар. Мына ушундай жол менен баары ордуна келет.

Кыргыз өкмөтү күз айларында “Түндүкэлектро”, Бишкек ТЭЦ жана “Бишкек жылуулук тармактар” ишканасын саттыкка коюларын билдирген. Бирок борбор шаардын мэри Нариман Түлеев Бишкек ТЭЦин мэриянын балансына алып, ошондой эле “Түндүкэлектронун” базасында “Бишкекэлектро” компаниясын түзүү аракетин көрөрүн билдирди.
Бул максатты ишке ашыруу маселеси боюнча өнөр жай, энергетика жана отун ресурстар министри Сапарбек Балкыбеков мындай оюн айтты:

Биз бул маселени учурда карап жатабыз. Быйылкы жылы эмес, келерки жылы Бишкек ТЭЦин шаардык муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнү иликтеп жатабыз.Эгерде “Бишкекэлектро” түзүлө турган болсо, анда “Түндүкэлектро” эки бөлүнүп, Бишкек шаарынын электр системалары “Бишкекэлектрого” өткөрүлөт.

Бишкек шаарынын мэри өз демилгеси менен жогорку бийликти калк ичинде өтө популярдуу болбогон чечимден, энергетика системасын сатуудан куткарууда. Нариман Түлеевдин сунушу менен жогорку бийлик энергетика системасын сатуудан баш тартабы? Коопсуздук кеңештин катчысы Исмаил Исаковдун айтымында, бул маселе иликтенүүдө:

Эми бул мындай, энергетика системасын менчиктештирүүгө, сатууга мыйзамдык жол ачылган. Депутаттар тийиштүү чечим кабыл алышкан. Бирок ошого карабастан азыркы жаңы мэр өзүнүн сунуштары менен чыгып жатат. Биз андай сунуштарды колдойбуз. Себеби, биз өзүбүз кожоюн болсок элибизге ошончолук жакшы болот.Бирок жеке менчикке берүү практикасы да дүйнөдө бар. Бул экинчи жол. Ал үчүн бардык шарттар түзүлүп калган. Бирок азыркы жол менин оюмча абдан оптималдуу, ыңгайлуу десек болот.

Оппозция биригүү үчүн бул жумада маанилүү кадам таштады



2006-жыл, 2007-жылдагы митингдерден кийин ыдыраган оппозициялык күчтөр кайрадан биригүү салааларын таап, активдүү кеңешүүлөрдү жүргүзө баштады. Алгачкылардан болуп “Акыйкат үчүн” кыймыл менен Социал-демократиялык партия биргелешип аракеттенүү боюнча келишимге дүйшөмбү күнү жетишти. Маалым болгондой “Акыйкат үчүн” кыймылды “Ата Мекен”, “Ак шумкар” өңдүү партиялар жана бийликтин саясаты менен келише албаган саясатчылар түзгөн.



Социал-демократтар болсо бийлик менен кызматташууга барып, 2007-жылдагы парламенттик шайлоону легитимдүү кылууга салым кошкон. Мына ошол кадамы үчүн “Акыйкат үчүн” кыймыл тарабынан айыпталып келген. Бирок убакыттын өтүшү менен Социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаевдин президент Курманбек Бакиев менен мамилеси алыстап, социал-демократтардын кескин оппозициялык мүнөздү талап кылган канаты партияны “Акыйкат үчүн” кыймылдын катарына алып келип олтурат.



Албетте, социал-демократтардын мындай кадамга барышына 5-октябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо, президенттик шайлоонун жакындап келатышы да өз таасирин тийгизбей койгон жок. Ошентип, “Акыйкат үчүн” кыймылы менен социал-демократтардын биригүүсү кайсы бир деңгээлде 2006-жылы өтө таасирлүү күч болгон “Реформа үчүн” кыймылдын негизи кайрадан түптөлдү деп айтсак болот. Бирок оппозиционерлер мындан да кеңири коалиция түзүү максаты бар экенин билдиришүүдө. Маселен, “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев:

Биз азыр андан да кеңирирээк коалицияга чакырып жатабыз.Бүгүн Кыргызстандын саясаты кандай болот, экономикалык келечеги барбы деген маселе турат. Ошондуктан көп адамдарды чакырып жатабыз, анын ичинде мурунку легендарлуу парламенттин депутаттарын да чакыралы деп жатабыз. Бир эле депутаттар эмес, бүгүнкү Кыргызстанга кайдыгер эмес адамдардын баарын чакырайлы деп жатабыз.

Оппозициянын биригүүсүн жана алардын күчүн сынай турган биринчи учур албетте, 5-октябрдагы шайлоо болуп калмакчы. Ал эми радикалдуу кадамдарга даяр болгон оппозициянын дагы бир канаты бар. Ал Азимбек Бекназаров башында турган революциялык комитет. Алар эгемендүүлүк күндөрү өздөрүнүн баракчаларын таратышып, жаз айларында жарыялаган максатынан баш тартпаганын дагы бир ирет кабарлады. Эми алар Рамазан айынан кийин өздөрүнүн акцияларын баштаарын жарыялашты.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG