Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

ТАЖИК ИМАМЫ: КООМ ИСЛАМДАШЫП КЕТЕТ ДЕП КОРКПОГУЛА!


Тажикстанда кыздар кыйын-кыстоо абалда калышты:алар көп учурда мектепти же хижабды тандап алганга аргасыз болууда. Агартуу министрлигинин демилгеси боюнча былтыр билим берүү мекемелеринде селде чалынып же хижаб салынып жүргөнгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Коомдогу исламдашуу процессин ооздуктоо максатында жасалган бул кадам тетири натыйжасын бере баштады.

Өлкөнүн борборунда жашаган жети жашар Мариамды ата-энеси жакында Иран элчилигине караштуу фарсы мектебине бергенге аргасыз болушту. “Биринчи сентябрда тажик мектебине бардым эле, мугалимдер киргизбей коюшту.Хижабыңды ал,болбосо бу жерде окубайсың дешти”, - дейт Мариам өзү.

Өткөн жылы кабыл алынган мыйзамдан соң кыздардын көбү мектептерге жана жогорку окуу жайларына хижабсыз келе башташты. Бир гана Давлат Исмаилова аттуу студент министрликти сотко берди эле, майнап чыккан жок.

Өкмөт исламдашуу процессин ооздуктаганы башка да иш чараларды көрүп жатат. Мечиттер баары кайра каттоого алынып, айрымдары жабылды. Полиция экстремизмди, терроризмди жана бузукулукту жайылтат деген шылтоого жамынып ири дүкөндөрдөн, көчөдөгү күркөлөрдөн мандемдүү саналган музыкалык үн тасмаларды, фильмдер жазылган дисктерди озпуздап алып турат.

Бирок бул чаралардын баары тетири натыйжа берүүдө. Коомдук жайларда, көчөлөрдө, үйдө хижаб салынган кыз-келиндер,аялдар көбөйбөсө,азайган жок. Айрым ата-энелер кыздарын мусулман мектептерине беришсе, кай бирлери эч кайда барбай,үйдө отуруп калышты. Шаар четиндеги мечиттин имамы Махмуджан Туражонзода намаз жумага жыгылганы жалаң жаштар,тестиер балдар келишерин ырастады.

Чач-тарачканада иштеген Гүлчехра аттуу келин кайненеси мурда коммунист болгонун, ошондуктан хижаб салынган жаш кыздарды жактырбай жүргөнүн, эми болсо өзү башынан хижаб түшүрбөй калганын аңгемелеп берди.

Рано аттуу кыз болсо европалыктарча кийинерин,бирок өңчөй хижаб салынган келин-кесектер арасында өзүн көп учурда оңтойсуз сезерин айтып,коом ыкчам исламдашып баратканына даттанды. Стратегиялык изилдөөлөр борборунда иштеген Фарух Умаров бул кепти бышыктап,Советтер Союзу кулагандан бери тажиктерди исламдашуунун экинчи чоң толкуну каптап келатканын белгиледи. Биринчи толкун өлкөдө ич ара согушка алып келген эле.

“Согуштан кийин исламдын тажиктер арасында таасири тартыла түшкөн.Калктын мусулман дининен эмес,баарыдан мурда исламчыл ураандарды согушка пайдаланган саясатчылардан катуу көңүлү калган. Эми айрым бир күчтөр ошол маанайды кайрадан козутканга жан үрөп жатышат,мунун арты экинчи согушка алып барышы ажеп эмес”,-дейт Умаров.

Имам Туражонзода буга ишенбейт. ”Азыр элдин ислам тууралуу чектелүү гана маалыматы бар. Азыркыдай шартта тажиктер ислам мамлекетин кабыл алганга даяр эмес. Бул үчүн адегенде ислам маданиятын өздөштүрүп,аларга,айрыкча аялдарга мусулманчылык кандай укуктарды берет – ушунун баарын терең билип,кан-жанына сиңирип алышы керек. Азыр биздин элдин 80-90 проценти мындайга жарабайт”,-дейт имам.

Имамдын айтымында, тажиктер жалпысынан секулярдык коомдо жашаганды эп көрүшөт. Анткени ал ушундай коом гана тажиктерге өз динин тутканга, улуттук каада-салтын карманганга кеңири эркиндиктерди берет деп ишенет.
XS
SM
MD
LG