Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:16

16:18 “Итек эйр” авиакомпаниясынын лицензиясы узартылбайт


Бул тууралуу бүгүн транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулайманов “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүнө катышып жатып билдирди. Министрдин айтымында, аталган компаниянын лицензиянын мөөнөтү 14-сентябрда соңуна чыкты жана эми узартылбастыгы тууралуу “Итек эйрге” эскертилди. Министр ошондой эле учурда өлкөдө жүргүнчүлөрдү ташууга уруксаты бар эки гана авиакомпания калганын, алар “Кыргызстан” жана “Авиатрафик” компаниялары экенин кошумчалады. Бишкек-Тегеран багыты боюнча сапар алган “Итек эйрге” таандык Боинг-737 учагы 24-августтун кечинде “Манас” аба майданынан көтөрүлгөндөн көп өтпөй кырсыкка кабылып, анын ичиндеги 90 адамдын 65и курман болгону белгилүү.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG