Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:01

Мындан 55 жыл илгери 1953-жылдын 18-мартында кыргыздын чыныгы патриот уулдарынын бири, таланттуу журналист Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) диктатор Иосиф Сталиндин өлүмү тууралуу серепти кыргыз тилинде маалымдап, «Азаттык» үналгысынын (“Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын Кыргыз кызматынын) тушоосу кесилген. «Азаттык» үналгысын негиздеген Азамат Алтай агабыздын көзү тирүү болгондо бүгүн (15-сентябрь) 88 жашка чыкмак. Анын атын түбөлүккө калтыруу үчүн Эл аралык кайрымдуулук корун түзүү демилгеси көтөрүлүп жатат.

- “Азаттык” радиосун биз Түркстандын атынан курдук. “Азаттык” радиосунун Түркстан бөлүмүнүн биринчи директору казак болду. Орунбасары өзбек. Мен болсо спикер (алып баруучу-авт.) элем. Кыргыздардыкы түркмөндөрдүкүнөн бир аз жогору эле. Түркмөндү катчы кылып, төрт киши менен “Азаттыктын” алгачкы берүүлөрүн баштадык. Кандай гана кыйын күндөрдү баштан өткөрсөк да кыргыз деген атты, намысты сактап калдык", - деп маркум Азамат Алтай 2003-жылы Нью-Йорк шаарындагы үйүндө маек курганыбызда эскерген эле.

Ал жолугушууда Азамат Алтай чет жерде жүрсө да Кыргызстан жана Борбор Азия тууралуу беш миңден ашуун китеп жыйнаганын, Кыргызстан жөнүндө маалыматтарды дүйнөлүк маалымат булактары үчүн даярдап жазып бергенин, Чыңгыз Айтматов менен Бүбүсара Бейшеналиева жана башка кыргыз маданият ишмерлери тууралуу Батышка кеңири маалымдаганын кең-кесири кеп салып берген.

Азамат ага качандыр бир кезде лотереядан бир миллион франк утуп алганда да ошол каражаттын көбүн түрколог окумуштууга берип, Кыргызстан жөнүндө чындык маалыматтарды чогултуп, изилдеп жазып чык деп суранганы тууралуу да учкай кеп сала кетти. «Мурда баары эл душманы деп жаа боюу менден качса, эгемендүүлүк алганы баары мага салам берип келишет», - деген эле залкар агабыз.

«Азаттык» үналгысын (“Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын Кыргыз кызматын) уюштурган Азамат Алтай агабыз көзү тирүү болсо быйыл 88 жашка чыкмак. Бирок шум ажал аганы арабыздан эки жыл мурун алып кетти. Аны көзү өткөндөн бери Кыргызстандагы акын-жазуучулар, жакын санаалаштары Азамат Алтайдын эмгеги учурунда жана азыркы мезгилде да татыктуу баасын ала электигин айтып, анын ысымын түбөлүккө калтыруу керектигин белгилеп жүрүшөт.

Азамат Алтайдын Нью-Йорктогу үйүндө болуп, учурунда анын өздүк архиви менен таанышкан, кийин мекенине келгенде коштоп жүргөн Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматов мындай деп эскерет:

- Биз билебиз, ал кишини гезиттерде көп жолу аябай жамандады, ЦРУнун (БЧКнын) агенти, чыккынчы деп. 1991-жылы Азамат Алтайдын үйүндө бир айча жүрүп калдым. Архивинин баарын аңтардым. Бир топ китептерин, архивин ала келдим.

“Азаттыктын” макалаларын карап олтуруп, эмне үчүн бул кишини жамандаганын, эл душманы деп жарыялаганын ошондо түшүндүм. Себеби, биринчиден, биздин чоңдордун ката иштерин, кемчиликтерин көп айтышкан экен. Экинчиден, бизде жашырган чындыкты алар айтып турган. Бул кишидей патриот, кыргызды ушундай кадырлаган, сыйлаган, кыргыз жерин жанындай жакшы көрүп, сүйгөн кыргыздар айрыкча азыр жок болуп баратат.

Азамат Алтай жөн эле кыргызды жакшылай бербей, кыргыздын рух дөөлөттөрүн, маданиятын, тарыхын бөлөк элдерге тараткан. Көптөгөн эмгектерине учурунда өзүнүн аты жазылбай калган. Кыргыздар, Кыргызстан жана Борбор Азия тууралуу көп маалыматтарды башка авторлорго, китепканалар үчүн даярдап берген. Муну Азамат Алтайдын архивдеринен көрдүм.


Азамат Алтайдын алыста жүрүп Кыргызстанды таанытууга чоң үлүш кошконун “Кыргыз туусу” гезитинин башкы редактору, “Азаттык” үналгысынын Бишкек бюросунун мурдагы жетекчиси Кыяс Молдокасымов мындайча белгиледи:

-Эми Азамат Алтай деген кыргыздын тарыхында кала турган улуу инсаны. Совет доорунун бүт кемчиликтерин ошол киши бетке айтты. Көзүбүздү ачты. Саясатчылар деле бардык радио уккан элдер жашырынып болсо дагы Азамат Алтайдын үнүн угуп жатканын өз көзүм менен көрүп, күбө болгом. Өмүрүнүн акыркы жылдарында бир сапар жолуктук, чер жазыша сүйлөштүк. Эгерде башка элдерде, мисалы, армяндарда ушундай инсаны болсо, алар эчак даңазалап көтөрүп кетмек.

Ал ошондой эле Азамат Алтайдын өз элинин алдында өтөгөн эмгеги анын көзү тирүүсүндө бааланбай калганын, Азамат Алтай атындагы музей уюштуруунун зарылдыгын белгилеп, туулуп өскөн айылындагы мектебине, Бишкектин бир көчөсүнө ысымын берип, кыргыз радио журналисттери үчүн сыйлык берилсе дурус болоор эле деген ойдо:

- Көзү тирүүсүндө Азамат Алтайды кыргыздар эмгегин баалап, биз ал кишиге бир сыйлык, урмат көрсөтө алган жокпуз. Анан да кыргыз радио журналистикасында конкурс уюштуруп, ошол кишинин атындагы бир сыйлыктар уюштурулса дурус болмок, аты түбөлүккө калмак.

Кыргызстанда Азамат Алтайдын жээни Тойчубек Турганбаевдин, агабыздын жакшы санаалаштарынын демилгеси менен анын ысымындагы Эл аралык кайрымдуулук корун уюштуруу иш-аракеттери көрүлүүдө. Азамат Алтайдын китепканасын ачуу, музейин уюштуруу, кыргыз радио журналисттери үчүн анын атындагы сыйлык берүү демилгесин колдогондор көп.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG