Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:53

17:40 Коомдук парламент өлкөдөгү кырдаалга баа берди


Коомдук парламент соңку үч жылдагы бийликтин жоопкерчиликсиз, адилетсиз саясаты өлкөнү саясий, социалдык-экономикалык кризиске алып келди деп баалады. Мындай баа коомдук парламенттин өлкөдөгү абалды талкуулаган бүгүнкү жыйыныда берилди. Жыйында ошондой эле өлкөдөгү сөз эркиндигине жана адам укуктарына байланышкан жагдай канааттандыраарлыксыз деп табылды. Жыйын соңунда кабыл алынган резолюцияда легитимсиз парламент менен өкмөт өлкөдөгү кризис боюнча жоопкерчиликти мойнуна албай, бийлик коомчулукту алдоону улантып жатканы, өлкөдө үй-бүлөлүк-кландык диктатура орноп баратканы, бийлик карапайым жарандардын коопсуздугун камсыздай албай, таламандын так түшүндө атышуулар болуп жатканы белгиленген. Жыйында ошондой эле оппозициялык күчтөр бир лидердин астында биригүүсү зарылдыгы тууралуу сунуштар айтылды.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG