Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

18:20 Ош: укук коргоо кыймылы орус тилинин расмий макам статусун алууга кол топтоого киришти


Оштогу укук коргоо кыймылынын төрагасы Түмөн Берикбаев “Азаттыкка” маалымдашынча, орус тили кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары өнүгүшүнө кедергисин тийгизүүдө. Ошол себептүү Кыргызстандын Баш мыйзамындагы орус тилине расмий макам берген беренени алдыртуу талабы менен кол топтошууда. Оштогу мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунун директору Алмагүл Тилекманова 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин кыргыз тилине олуттуу көңүл бурула баштагандыгын, орус тилинин таасирин жок кылуу демилгесине макул эместигин билдирди. (АТо)

XS
SM
MD
LG