Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:12

18:55 Кадамжайда күйдүргү дартына чалдыккандардын саны алтыга жетти


Бул тууралуу “Азаттыкка” 15-сентябрда Кадамжай райондук санитардык эпидкөзөмөл борборунун башчысы Исмаил Карабаев маалым кылды. Буга чейин күйдүргү илдети менен ооругандардын саны - 5, шектелгендин саны - 6 киши деп айтылган болсо, 15-сентябрга дагы 3 киши илдетти жуктурган деп ооруканага кайрылган. Ал эми учурда күйдүргү илдети экени аныкталгандардын саны – 6 кишиге жетип отурат. Дарттын эки очогу табылган Үч-Коргон айылы бүгүнкү күндө карантинге алынып, дарыгерлер менен ветеринарлардын текшерүүсүндө. (SA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG