Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

ЕВРОШАРКЕТТЕН ГРУЗИЯГА БАЙКООЧУЛАР БАРАТ


Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери Брюсселдеги бүгүнкү жыйынында уюмдун эки жүз байкоочусун Грузияда жайгаштыруу боюнча расмий чечим кабыл алды. Ал эми НАТОнун баш катчысы жетектеген делегация Тбилисиге, НАТО-Грузия коммиссиясынын туңгуч жыйынына катышуу үчүн келди. Бул эки окуя тең Орусия менен алака абдан чыңалып турган шартта Батыштын Грузияга колдоосун мындан ары да көргөзүүнү максат кылат.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев жана шаркеттин учурдагы төрагасы – Франциянын президенти Николя Саркозинин ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, Орусия Түштүк Осетия менен Абхазиянын айланасынан "буффердик зона" деп атаган аймактардагы аскерлерин эл аралык байкоочулар жайгаштырылган соң он күндүн ичинде алып кетиши керек.

Ошол эле учурда Еврошаркеттин тышкы саясатты тейлеген жогорку өкүлү Хавьер Солананын бүгүнкү жыйын алдында кабарчыларга билдиргенине караганда, шаркет зарылчылык чыкса, байкоочулар миссиясын талашка түшкөн аймактардын башка бөлүктөрүнө да жиберүү маселесин кароого даяр:

-Биринчи кезектеги милдеттеме - Орусиянын аскерлери Грузия аймактарынан толук чыгып кетүүсү үчүн октябрь айынын башына чейин 200 байкоочуну жайгаштыруу. Биз бул милдеттеменин чегинен чыгып, башка аймактарга да жайгаштырууга даярбыз. Биз жеринде кырдаал кандай өнүгөөрүн көрүшүбүз керек.

Еврошаркет министрлеринин бүгүнкү жыйынында айтылгандай, байкоочуларды Түштүк Осетия менен Абхазиянын ичинде жайгаштыруу же жайгаштырбоо боюнча чечим кийинки баскычтарда кабыл алынат.

Орусия европалык байкоочулар аталган эки аймактын сыртына жайгаштырылышына көнгөн, бирок алар Абхазия менен Түштүк Осетиянын ичине киргизилиши боюнча сунуштарга азырынча каршылыгын билдирүүдө.

Еврошаркеттин Грузияда байкочуларын жайгаштырууну жактыруусу Москвага Батыштын Тбилисини колдоору боюнча дагы бир күчтүү белги берүүсү катары кароого болот. Ал Орусия Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныганына карабай, Грузиянын аймактык бүтүндүгү урматталышын көздөөдө.

Анткен менен Батыштын өзүндө Грузия кризиси боюнча бирдиктүү позицияны табуу аракеттери кыйынчылыктар менен коштолууда. Көз караштардын түрдүүлүгү бүгүн НАТО Грузия менен алакасын чыңдоону көздөп жаткан учурда да көрүндү.

НАТО- Грузия комиссиясынын бүгүнкү жыйынын утурлай уюмдун башкатчысы Яаап де Хооп Схеффер Еврошаркетти Орусиядан аскерлерин жаңжаал башталганга чейинки турумдарына толук кайтарууну талап кылбаганы үчүн сынга алды.

Британдык "Financial Times" гезитинде жарыяланган маегинде, ал Орусиянын Түштүк Осетия менн Абхазияда аскер кармоосу "кабыл алынгыс" экенин белгилеген.

Расмий Москва буга чейин билдиргендей, аларда Түштүк Осетия менен Абхазияда 7600 аскерди кармоо планы бар. Бул Грузия менен аскерий чатак башталганга чейинки сандан эки эсеге көптүк кылат.

НАТОнун башкатчычсы жана уюмга мүчө 26 өлкөнүн элчилери бүгүн Тбилисиге келди. Грузия - НАТО коммиссиясынын жыйыны Орусия менен согушка чейин эле мерчемделген болчу. Бирок Орсия коңшу өлкөгө СССР ыдырагандан бери биринчи ирээт кол салгандан кийин бул окуянын мааниси жогорулап кетти.

Батыштын терс реакциясы уланып жатканы менен Орусия саясатын өзгөртөрүнүн белгиси байкала элек. Соңку күндөрү Москва Грузиянын эки жикчил чөлкөмүнүн көз карандысыздыгын кепилдөө боюнча өз кадамдарын жасоодо. Орус президенти Дмитрий Медведевдин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Түштүк Осетия жана Абхазия менен дипломатиялык мамиле орнотуу жөнүндөгү келишимдерге ал ушул аптада кол койот. Тараптардын алакасында, орус президентинин айтымында, "аскерий компонент " да болмокчу.

Бул аралыкта орус тышкы иштер министри Сергей Лавров эки тапта мамилелерди талкуулоо максатында кечээ Абхазияда болгон соң, бүгүн Түштүк Осетияда жүрөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG