Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

И.ИСАКОВ: БИЗ КЫРГЫЗСТАНДЫН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫН АЛДЫГА КОЮШУБУЗ КЕРЕК


Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек Коопсуздук кеңештин катчысы Исмаил Исаков “Азаттыктын” кабарчысын кабыл алып, өлкөнүн ички жана тышкы саясатына байланыштуу бир катар суроолоруна жооп берди. Исмаил Исаков маекте Кыргызстан Камбар-Ата ГЭСтерин мамлекет өзү курууга кызыкдарлыгын, “Манас” аба майданы үчүн АКШ төлөөгө убада кылган 150 миллион долларды толук алууга аракет жасаарын белгиледи.

-Исмаил мырза, сиз жакында эле АКШнын Кыргызстандагы иштери боюнча ишенимдүү өкүлү Лиценбергер мырзаны кабыл алып, анда америкалыктар тарабынан “Манас” аба майданын пайдалангандыгы үчүн бериле турган 150 миллион доллар тууралуу маселени көтөрдүңүз. Андан бери бул маселеде жылыш болдубу?

И.Исаков: - Чындыгын айтканда бул өтө тереңге кете турган маселе. Ар бир өлкө же болбосо кызматтагы адам айткан сөзүн аткарыш керек. Өз мезгилинде америкалыктар тарабынан ошончо сумма берилет деп айтылган. Бирок чындыкка келгенде ал сумма толук эмес берилип жатат. Биз ошол айтылган сөздү, өзгөчө экономика багытында айтылгандарды аткаргыла деп жатабыз. Биздин жолугушуудан бери өзгөрүү боло элек. Анткени андан бери аз убакыт өттү.

Экинчиден, жаңы элчи келип, ишеним грамотасын тапшырып, расмий түрдө ишке киришкенден кийин элчи менен жолугушуп, Лиценбергер мырза менен жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди аткарууга, анын аягына чыгууга чоң аракеттерди жасайбыз. Себеби убадаларды биз эмес, алар берген. Алар өздөрүнүн сөзүн так аткарыш керек.

- Демек бул жөн калбайт?

И.Исаков: - Жөн калбайт!

- Ошол эле жолугушууда энергетика багытында кызматташуу маселеси да көтөрүлгөн. Америкалыктар менен кайсы багытта кызматташуу мүмкүн? Алар ГЭСтерди курууга катышабы же Пакистанга карай тартыла турган электр линиялары жөнүндө сөз болдубу? Жаңы ГЭСтерди курууда биздин жетекчиликтин позициясы кандай болуп жатат? Биз америкалыктарды да тартышыбыз керекпи?

И.Исаков: - Жаңы ГЭСтерди куруу боюнча президент Курманбек Салиевич Бакиев так, ачык айткан. Ал ГЭСтерди башка мамлекеттерди аралаштырбай, аларга кандайдыр бир үлүштү бербей, өзүбүз курушубуз керек деген. ГЭСтер нак Кыргызстандыкы болуш керек. Президент айткандан кийин биз аны так аткарышыбыз керек. Анын үстүнө бул Кыргызстандын кызыкчылыгында болуп жатат. ГЭСтерди колдон чыгарган туура болбой калат.

Ошондуктан америкалыктар менен сүйлөшүүдө жаңы ГЭСтери жөнүндө эле эмес, энергетика системасына алдыңкы технологиялар менен келип, сунуштарды берсеңер биз ошол багытта кызматташууларды улантсак дегенбиз. Бирок Камбар-Ата ГЭСтерин өзүбүздүн акчага, же көп жылдык насыя алып, өзүбүз курушубуз керек. Ага өзүбүз ээ болушубуз керек. Ал Кыргызстандын менчиги болуп калыш керек.

- Бул сөз өтө көп акча талап кылган Камбар-Ата-1 ГЭСине да таандыкпы? Анткени ага 2 миллиард доллардын тегерегинде каражат керек эмеспи?

И.Исаков: - Бул жалпы саясаттын багыты. Ал эми өзүбүз куруп жаткан ГЭСке акчабыз жетишпей калса, анда насыя алып бүтүрөлү, өзүбүз ээ бололу деген президенттин сөзү бар.

- Президент 17-июлда Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен жолугушуудан кайтып келатып, Москвадагы жолугушууда насыя жөнүндө сөз болду деп айткан эле. Демек, Кыргызстан ГЭСтерди курууда насыя алат, бирок үлүштү башкалар менен бөлүшпөйт?

И.Исаков: - Эң туура.

- Азыркы кезде геосаясий дагы бир маселе чыгып жатат. Орусия менен АКШнын тирешүүсүнүн күчөшү менен Манастагы аба базасын чыгаруу демилгеси кайрадан көтөрүлө баштады. Коммунисттер парламентте айтып жатат. Андан сырткары Амангелди Муралиев башында турган “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылы да ушундай билдирүү менен чыгып, базаны чыгаруу керектигин, ал Кыргызстанга бир топ зыяндарды алып келип жатат дешти. Ошондой эле америкалык база төлөмдөрдү толук бербей жатат, экологиялык зыяндарды алып келүүдө деп айыпташууда. Бул маселеде биздин жетекчиликтин оюу кандай болуп жатат?

И.Исаков: - Биздин жетекчиликтин позициясы туруктуу, бир калыпта болуп келген. Биз бул маселенин түбүн карашыбыз керек. Ал мыйзамдаштырылып калган. Биз “Манас” базасын Ооганстандагы абалга, окуяга жараша бергенбиз. Ал эми ал жерде бүгүнкү абал кандай болуп жатат? Аны да эске алыш керек.

Бирок элдин айткандары да туура. Кыргызстандын атуулдары өздөрүнүн оюн айтууга, талап кылууга укугу бар. Эгерде биздин экологиябызды бузуп жатса, айткан сөздөрүн аткарбай турса... Эмне кылышбыз керек? Ошондуктан эл тарабынан айтылган сөздөрдүн жүйөөсү бар.

Эми бул базаны бүгүн-эртең чыгарып жиберет деген чечимди мен билбейт экенмин. Андай нерсе жок. Ал маселе көтөрүлсө аны парламент караш керек. Өкмөт сунушташ керек. Түзүлгөн келишим жокко чыгарылыш керек. Мунун артында чоң нерсе бар.

Бирок эл тарабынан көтөрүлгөн маселелерди бир тарабынан Кыргызстандын атуулу катары колдоймун. Себеби дегенде, кечээ жакында эле асманда керосинди дагы чачышты. Бирок мурда 6 миң чакырымдан чачышса, азыр 7 миң чакырымдан жогоруда төгүшүптүр. Бул окуяны иликтөөнү биздин экологиялык кызматтарга тапшырдым. Алар иликтеп, зыянын аныкташ керек.

Америкалыктар өздөрү экологияга эч кандай зыяны жок, себеби өтө бийикте керосинди чачтык, ошондуктан өзүбүз маалымат бердик дешти.
Биздин экологдор иликтеп чыгып, бизге зыян алып келгенин далилдесе, анда америкалыктар аны төлөп, келтирилген зыянды калыбына келтирип берүүгө тийиш.

Ушундай иштерге байланыштуу база тууралуу маселелер көтөрүлө берет. Андан башка дагы бир нерсе, биз Жамааттык коопсуздук уюмунун мүчөсүбүз. Бул уюмга киргенде анын башка мүчөлөрүнүн алдында милдеттенмелерди алганбыз. Бул уюм менен өзүбүздүн өлкөбүздү жана анын мүчөлөрүн коргойбуз деп мыйзамдаштырганбыз. Анан эгерде уюмдун мүчөлөрү базанын турушуна каршы болсо, анда биз карап турушубуз керек эмес да? Маселе бул экинчи жагынан чыгып жатат.

- Жакында маалымат каражаттарында Кыргызстан америкалыктардан 2007-жылы 20 миллион долларга курал алыптыр деген сөз чыкты. Депутаттар да айтып чыгышты. Мунун канчалык чындыгы бар?

И.Исаков: - Бул сөздү элчи айтты деп маалымат каражатарында жүрөт. Премьер-министр Игорь Чудинов фракциялардын депутаттары менен жолугушууда андай курал алынган эмес деп айтты. Ошол 2007-жылы мен коргоо министри болуп турнганмын. Анда курал алган эмеспиз.

Бирок америкалыктар тик учактарды оңдоп беришти. 6 миллионго серажанттык мектеп куруп жатышат. Жакында бүтүш керек. Андан башка мекемелерди салууга жардамын беришүүдө. Ушуларды санап чыкканда жанагы сумма чыгып жатат. Бирок курал алып, өзүбүздү күчөткөн фактылар жок.

- Демек бул 150 миллион доллардын алкагында келип жаткан жардамдын бир бөлүгү. Аны курал деп атап алган жаңылыштыкпы?

И.Исаков: - Туура.

-Исмаил Исакович, кечээ жакында дагы бир жыйын куруп, анда чегара маселесин талкууладыңыздар. Кыргызстан азыркы кезде Өзбекстан жана Тажикстан менен чегарасын аныктоонун үстүндө иштеп жатат. Буга чейин тараптар жеңил, талашсыз жерлерди делимитациялап, алдыга жыла берүү, ал эми талаштуу жерлерге акырындап киришүү стратегиясын карманып келишкен. Сиз берген тапшырмада ушул стратегия сакталабы? Чегара багытында жылыш барбы?

И.Исаков: - Биз чегараны тактоону тездетүү маселесин койдук. Анткени такталбаган жерлерден чырлар чыгып жатат, эл тигил жагынан да, бул жагынан да кыйналып жатат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чегарасынын узундугу 1395 чакырым. Анын ичинен 1056 чакырымы аныкталган. 339 чакырымы аныктала элек. Аны чечүүнү тездетүү, эл кыйналбасын, тынч бололу деген ойдо комиссиянын мүчөлөрүн чогултуп, аларды угуп, кемчиликтерин көрсөтүп, тапшырманы бердик.

Чегара боюнча сүйлөшүүдө кандай талаштуу маселелер чыгууда? Бир тарап 1924-27-жылдары такталып, мыйзамдаштырылган келишимдерди жетекчиликке алып иштейли десе, экинчи тарап андан кийин, эки тарап биригип иштеп, комиссиялар колду коюп, такташып, мыйзамдаштырууга жакын калып, ошонун негизинде жашап калган чек араны калтыралы, Союз тарагандан кийин 1993-жылы жетишилген келишимди урматтап, ушу турган чегараны тааныйлы деген позиция болуп жатат. Ошондуктан бул туура, тиги туура эмес деп айта албайбыз. Чегара эки жактын келишими менен аныкталыш керек.

Кыргызстандын Тажикстан менен чегара узундугу 975 чакырым келет. Анын 503 чакырымы такталып, 472 чакырымы калды. Бул жердеги келишпестик да чегараларды кайсы жылдардагы келиишмдердин негизинде аныктайбыз дегенден чыгып жатат. Эгерде акыркы мезгилдеги келишимдерди жетекчиликке алсак, анда азыркы турган чегараларды таанышыбыз керек.

Комиссиялар иштеп жатат. Эки тарап тең тез арада бүтүрүүгө кызыкдар. Бирок бир маселе чыгып жатат. Лейлек району боюнча документтер жок экен. Ошону Орусиянын архивинен алып келүүгө тышкы иштер министрлигине тапшырма бердик. Андагы маалыматтарды эл да билиш керек. Себеби билбей туруп, жерлер кетип жатат деген сөздөр чыгууда. Бирок эки тарап тең мыйзам чегинде туура чечкенге аракетти жасап жатат. Аны биз көзөмөлгө алып турабыз. Чегара боюнча сүйлөшүүнү тездетүү президенттин тапшырмасы. Аны аткарууга аракет жасап жатабыз.

- Сохтун айланасындагы мурдагы келишимге кайра келүүнү Өзбекстан сунуштап жатыптыр, Кыргызстан ага макул болуп, Сохко коридор ачып берет экен деген сөздөр чыгууда. Анын канчалык чындыкка жакындыгы бар?

И.Исаков: - Андай сунуштар мурун болгон. Азыр андай ачык сунуш жок. Бирок алар өздөрүнүн документтеринин негизинде айтып жатышат, биз ошол позицияда турабыз деп. Бирок биз тиешелүү документтердин негизинде буга турабыз деп жатабыз. Кандай болгон күндө да эки тарап орток пикирге келиш керек. Ошого келгенде, орток пикир табылганда элге айта алабыз. Ага чейин айтуу мүмкүн эмес.

- Жакында Москвада Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйыны болду. Сиздер ага катышып келдиңиздер. Ал жерде Грузия, Түштүк Осетия, Абхазия маселеси талкууланды. Кыргызстан КМШнын төрагасы катары бул маселе боюнча пикирин айтпады деген сындар да айтылды. Москва жыйынында Түштүк Осетия, Абхазияны таануу боюнча басым болдубу?

И.Исаков: - Мен бир нерсеге таң калам да. Кээ бирөөлөр маалыматы жок туруп эле көп сөздөрдү айта беришет. Мен өзүм коопсуздук кеңештин катчысы катары жыйынга катышып отурдум. Коопсуздук кеңештин катчылары Ереванга чогулуп, ал жерде да талкууладык. Москвада мамлекет башчылардын жыйынынан кийин Орусиянын президенти Медведев маалымат каражаттарына билдирүү жасап, Абхазия, Түштүк Осетияны таануу ар бир мамлекеттин ыктыяры, биз эч кимге басым жасабайбыз деди. Президент өзү билдирип жаткандан кийин дагы эмне керек?

Кыргызстандын позициясын президент Дүйшөмбүдө так айтты. Ага чейин Ысык-Көлдө Нурсултан Назарбаев менен жолугушууда экөө биригип айтышкан.
Эми аларды (Абхазия, Түштүк Осетия-авт.) таануу, тааныбоонун эрежелери бар. Алар аткарыла элек жатып бирдемке деш туура эмес. Бирок биз күч колдонгондун туура эместигин, маселенин тынчтык жол менен чечилиш керектигин айттык.

- Исмаил мырза, сиз энергетика тармагындагы оор абалга алгачкылардан көңүл бурган элеңиз. Андан бери көрүлгөн чаралар жетиштүү болду деп эсептейсизби?

И.Исаков: - Биз энергетикалык тармактын маселесин толук чечтик деп айта албайбыз. Анткени бул жерде адам фактору эле эмес, табийгаттан көз каранды боло турган шарттар болуп жатат. Мисалы үчүн Аксы районундагы Пача-Ата суусун алсак. Мурун 15-19 куб метр суу секундасына келсе, быйыл 4 куб гана келип жатат. Дээрлик 4 эсе аз болууда. Анан ошондой болуп жатса, анын ордун толтурабыз дегенибиз туура болбойт да.

Бирок энергетика тармагында кемчиликтер бар. Өтө көп кемчиликтер бар. Себеби уурулуктар болуп жатат. Бөгөт дурус коюлбай жатат. Туура эмес башкаруу болуп жатат. Бирок кыштан кыйынчылыксыз чыгууга аракеттер жасалып жатат. Президент, өкмөт баш болуп, коопсуздук кеңеш аракет кылып, зарыл болгон бардык чараларды көрүп жатабыз.Кудай буюрса, өтө оор кыйынчылыктар болбойт. Кышка даярдыктар жакшы эле болуп жатат.

- Энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууда кетирилген кемчиликтерди иликтөө, ага жол бергендерди аныктоо талаптары коюлуп жатат. Кечээ премьер-министр 2004-жылы Орусияга электр энергиясын экспорттойбуз деп, 3 миллиард куб метр сууну агызып катачылык кеткенин моюнга алды. Андан кийин 2007-жылы Өзбекстанга электр энергиясын 30 тыйындап сатып, көптөгөн суу кеткен. Буларга жол бергендер жооп бериш керек да?

И.Исаков: - Албетте. Мунун баары азыр иликтенип жатат. Убагы келгенде элибизге маалым болот деп ойлоймун. Премьер-министр маселени тактагандан кийин оюн айтты.Туура, 2006-2007-жылдары, ага чейинки мезгилде келечекти ойлобой чоң иштерди аткарып жиберишкен. Андан сырткары азыркы кезде уурулук көп болуп жатат. Ошого жетекчилер бөгөт кое албай жатышат.

Бирок аракеттенгендер да бар. Мына шаардын жаңы мэри ага батыл киришип жатат. Ал шаарда электр энергиясын уурдаган 30га жакын мекемени таап, 10 миллион килловат саат электр энергиясын бошотуп, аны элге жумшасак болот деп чыкты. Мына ушундай уурдоолор дагы көп да. Кудай буюрса, мына ушундай аракеттер баары өз ордуна келет.

- Энергетика багытында жаңы мэр башка да демилгени көтөрүп чыкты. Ал Бишкек ТЭЦин мэриянын менчигине алууну, Бишкекэлектрону түзүү демилгеси менен чыкты. Муну менен бул ишканалар менчиктештирилип кетет деген эл ичиндеги чочулоолорду басаңдаткандай болду. Сиздин бул демилгеге пикириңиз кандай?

И.Исаков: - Электр тармагын менчиктештирүүгө жана сатууга мыйзамдык жолдор ачылган. Депутаттар мыйзамдарды кабыл алган. Ошого карабай мэр Нариман Түлеев жанагындай демилгелерди көтөрүп жатат. Биз ал идеяларды колдойбуз. Себеби дегенде канчалык биз өзүбүз кожоюн болсок, ошончолук элибизге жакшы болот.

Бирок мамлекеттин колунан келбей калса, анда жеке менчикке берүү дүйнөлүк практикада бар да. Бул экинчи жол. Ага бардык шарттар түзулүп калган. Бирок мэр сунуштап жаткан жол менин оюмча абдан ыңгайлуу жана оптималдуу жол. Бул маселени биз жакында карап чыкканбыз. Дагы карайбыз. Ар тарабынан иликтеп, элибиз үчүн кайсы тарабы ыңгайлуу болсо биз ошол тарапка барабыз.

- Маегиңизге чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG