Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

07;25 C.Балкыбеков: Электр жарыгын өчүрүүнүн убактысын 8 саттан 10 саатка чейин көтөрүү сунушу боюнча чечим жакынкы күндөрү кабыл алынат


Бул тууралуу “Азаттыкка” өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбекв билдирди. Министрдин айтымында, электр жарыгын маал маалы менен өчүрүүнүн убактысын 10 саатка көтөрүү маселеси бир катар сүйлөшүүлөрдөн кийин чечилет. “Азырынча бул жөн гана сунуш. Эгерде 2 саатка узак өчүрүү электр жарыгын үнөмдөөдө жыйынтык берсе, 10 саатка чейин өчүрөбүз. Эгерде андан эч нерсе чечилбесе анда өчүрүүнүн убактысы 8 саат бойдон кала берет”, дейт С.Балкыбеков. Министрдин белгилешинче, кандай болгон күндө да жылуулук сезону башталганда электр жарыгын маал маалы менен өчүрүү толугу менен токтотулат. Ал эми 1-октябрга чейин республикадагы баардык үч фазалуу электр зымдары кесилет.(MSu)

XS
SM
MD
LG