Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Дүйнөдөгү ири инвестициялык Lehman Brothers банкындагы кризистен улам эл аралык баалуу кагаздар базарынын индекси кыйла төмөндөп кетти


АКШдагы ипотекалык кризистен кийин миллиарддаган долларга чыгым болгон "Бир тууган Лехмандар" банкы кечээ банкрот абалында турганын жарыялады. Мындан сырткары ипотекалык кризистен зыян тарткан дагы бир Merrill Lynch банкын жеке менчиктеги Bank of America сатып алары белгилүү болду. Бул кабарлардан кийин бир аз өтпөй акциялардын баасы АКШнын өзүндө да биржадагы соода башталганда чукул арзандап, Уолл- Стриттин Доу Жонс көрсөткүчү 300 пунктка ылдыйлады. Бирок АКШ президенти Жорж Буш “узак мөөнөттөн алганда мен биздин каржы базар ийкемдүү экенине жана бул өзгөрүүлөргө туруштук бере аларына ишенем” деп билдирди.

XS
SM
MD
LG