Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Евробиримдик Беларуска карата киргизген чектөөлөрдү жеңилдете алат


Брюсселде чогулган Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Беларуста парламенттик шайлоолор эркин жана ачык өтсө, бул өлкөгө карата киргизилген чектөөлөрдү жеңилдетүү маселеси каралып чыгышы ыктымалдыгын айтышты. Беларуста парламенттик шайлоо 28-сентябрга белгиленген. 2006-жылы өткөн президенттик шайлоо эл аралык талаптарга жооп берген эмес деген негиз менен беларус президенти Александр Лукашенко жана 40 аткаминерге Евробиримдиктин өлкөлөрүнө кирүүгө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG