Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:04

Бүгүн, шейшемби күнү, Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы өзүнүн 63-сессиясын баштайт. Анын күн тартибинде дүйнөлүк көп маселелер бар. Деген менен бул жолу да уюмду азыркы шарттарга ылайыктап кайра куруу проблемасы талкуулардын башкы темасына айланат сыяктанат.

Мындан эки жыл мурда Кофи Аннан баш катчылык кызматты тапшырып жатканда Коопсуздук Кеңеши реформаланбаса Улуттар Уюмунун ролу төмөндөп, дүйнөлүк иштерге жетерлик деңгээлде таасир эте албай калышы мүмкүн деп эскерткен эле. Бул сөздүн чындыгын бир катар окуялар, айрыкча Косовонун өнөгөсү менен Грузиядагы азыркы кризис таасын ырастады.

Бирок Коопсуздук Кеңешин кантип жана кандай тартипте реформаласа ал XXI кылымдагы талаптарга шайкеш келе алат – башкы кеп мына ушунда. Улуттар Уюмуна азыр 192 өлкө кирет, Коопсуздук Кеңеши он беш мүчөдөн турат, алардан бешөө - АКШ, Британия, Кытай, Россия жана Франция туруктуу мандатка эгедер, Кеңештин тигил же бул чечимине вето салганга укуктуу, анын үстүнө алардан үчөө өңчөй европалык өлкөлөр. Калган он орун башка өлкөлөрдүн эсебинен кезмет менен жаңыланып турат.

Ушул жана башка себептерден улам туруктуу мүчөлөрдүн санын онго жеткирип, Азиядагы, Латын Америкасындагы, атүгүл Африкадагы алдыңкы өлкөлөрдүн эсебинен толуктоо идеясы көтөрүлгөн эле, бирок ал ушу күнгө чейин куру сөз бойдон калып келатат.

Нью-Йорктогу эл аралык Тынчтык институтунун улук вице-президенти, азыркы баш катчы Пан Ги Мундун атайын кеңешчиси Эдвард Лак Коопсуздук Кеңешин кеңейткенге анын азыркы туруктуу беш мүчөсү макул болоруна ишенбейт. Анан калса алардын санын көбөйтүүнү жакшы жол деп эсептеш да кыйын. Кеңеште азыркы беш өлкө ич ара тил таба алышпай жатканда алар жетиге же онго жетсе, бирдиктүү чечимге келүү оңой болуп кетпейт, кайра проблемалар ошончолук көбөйөт. Мунун ордуна Лак Коопсуздук Кеңешинин туруксуз мүчөлөрүн 20-22ге чейин көбөйтүү ийги болмок деп эсептейт.

Лак мындан тышкары чоң өлкөлөр менен майда мамлекеттер ортосунда мындан он-он беш жыл илгеркиге караганда азыр өз ара ишенбөөчүлүк кыйла күч алып кеткенин да белгиледи. Уюмдун реформасын кечеңдеткен башка себептердин арасында ал баш катчынын “үлпөттүк” озуйпасы гана кеңейип, реалдуу укуктары азайып баратканын атады.

Чет элдик мамилелер Кеңешинде эл аралык мекемелер жана глобалдык башкаруу программасына директорлук кылган вашингтондук эксперт Стюарт Патрик уюмду реформалоо багытында баш катчы Пан Ги Мун азырынча “жупуну” натыйжаларга жетишкенин белгиледи. Баш катчы көп учурда уюмдун бюджетине чоң салым кошкон Батыштын өлкөлөрү менен адатта “77нин тобу” аталган мамлекеттердин ортосундагы кызыкчылыктарды айкалыштыруу менен алек болот. Өнүгүп жаткан өлкөлөр уюмда биринчи топтогуларга караганда кыйла башка таламдарды көздөшөт.

АКШ уюмга баарынан көп акча карыштайт. Ошол себептен Вашингтондогу саясий климатка көп нерсе багыныңкы болот. Патрик эмдиги президенттикке эки талапкер да бу жагынан эки башка позицияда экенин эске салды. Барак Обама уюмдун иштерине кеңири катышууну кааласа, Жон Маккейн ага эл аралык форумдардын бириндей эле карайт.

Иши кылып, бир кезде дүйнөлүк өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын бириктирүү мүдөөсү менен түзүлгөн бул уюмду бирикпеген улуттардын мекемесине айлантпай, анын таасирин жана ролун арттыруу маселесинен быйылкы сессия да кыйгап өтө албайт окшоп калды.

Сессиянын күн тартибине “Миң жылдыктын өнүгүү максаттары”, климаттын өзгөрүшү, терроризмге каршы күрөш, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процесси, Ирандын, Түндүк Кореянын атомдук программалары, Ооганстандагы, Ирактагы, Судандагы коопсуздук проблемалары сыяктуу дүйнөлүк маселелер киргизилген. Сессияда жалпы талкуулар 23-сентябрда башталат, ага 60тан ашуун мамлекет жана өкмөт башчылары катышат.
XS
SM
MD
LG