Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

АМЕРИКАЛЫК БАНКТЫН ЖАРЫЯСЫНАН СОҢ ДҮЙНӨДӨ АКЦИЯЛАР АРЗАНДАДЫ


Азия менен Европада кечээ баалуу кагаздар базарынын индекси кыйла төмөндөп кетти. Мунун алдында Кошмо Штаттарда «Lehman Brothers» банкы банкрот абалында турганын жарыялаган эле. Ал эми кыйын кырдаалга кептелген дагы бир банкты башка банк сиңирип алды. Бул жаңылыктар эл аралык каржы системасын кайрадан силкинткен окуя болду.

Жүз элүү сегиз жылдык тарыхы бар «Lehman Brothers» Кошмо штаттардагы төртүнчү ири инвестициялык банк катары эсептелчү. Ал банкротко багыт алганын каржылык кыйынчылыкка кептелген мекемени башка банктардын сатып алуусу боюнча жүрүп келген сүйлөшүүлөр жекшембинин кечинде жыйынтыксыз аяктагандан кийин билдирген эле. Мунун соңунан кечээ Азия менен Европанын биржарларында балуу кагаздардын индекси 3-7 пайызга чейин төмөндөдү.

Акциялардын баасы АКШнын өзүндө да биржадагы соода башталганда чукул арзандап, Уолл- Стриттин Доу Жонс көрсөткүчү 300 пункутка ылдыйлады.

Америкалык инвестициялык банктын банкротко учуроосунан улам тийүүчү зыянды азайтуу үчүн кечээ Европанын Борбордук банкы менен Англиянын банкы каржы системасына 48 миллиард доллар акча куйду.

«Lehman Brothers» банкы активдеринин куну кетип бара жаткан шартта кыйроодо. Бул көбүнесе АКШнын турак жай базарындагы кырдаал, ипотекалык кредиттер менен байланыштуу. Ал быйылкы жылдын үчүнчү чейрегинде эле 3,9 миллиард доллар жоготконун өткөн аптада жарыялаган болчу.

Ошондой эле кечээ белгилүү болгондой, ипотекалык кризистен зыян тарткан "Merrill Lynch" банкын жеке менчиктеги "Bank of America" сиңирип алды. Эки ортодогу соода 50 миллиард долларга бааланууда.

АКШнын өкмөтү бир жылдан ашуун убакыттан бери глобалдык каржы системасын кыйнап келе жаткан кредиттик кризисти токтотуу аракетин көрүп келүүдө.

Өкмөт буга чейин инвестициялык «Bear Stearns» банкын, ипотекалык рыноктун жарымын ээлеген «Freddie Mac, Fannie Mae» компанияларынын аман калышы үчүн демөөрчүлүк кылган.

Президент Жорж Буш кечээ Ак үйдөгү маалымат жыйынында буларга токтолду:

-Каржы базарларындагы өзгөрүүлөр кыска мөөнөттөн алганда өз инвестицияларына тынчызданып жаткан адамдар жана оор абалда калган компаниялардын кызматкерлери үчүн сезилиши мүмкүн. Узак мөөнөттөн алганда мен биздин каржы базар ийкемдүү экенине жана бул өзгөрүүлөргө туруштук бере аларына ишенем.

Баалуу кагаздар базарындагы негизги тынчыздануу – «Lehman Brothers» өңдүү ири каржылык инстуттун кыйрашы өзүнө эле эмес, артынан башкаларга да зыян тийгизээри.

Кырдаалдын ушундай өнүгүшүн жана дүрбөлөңдүн шартында акциялардын жапырт сатылышын алдын алуу үчүн дүйнөнүн он ири банкынан турган концорциум кыйналып жаткан каржы компанияларына каралашуу үчүн 70 миллиард доллардык фонд түзгөнүн жекшембинин кечинде эле жарыялашкан.

АКШнын Федералдык резерв системасынын мурдагы төрагасы Алан Гринспен (Alan Greenspan) Эй-Би-Си телеканалындагы маегинде, баалуу кагаздар базарындагы азыркы силкинүүлөрдү жарым, балким бир кылымда бир келүүчү окуя катары мүнөздөдү. Гринспендин айтымында, АКШдагы кредит кризиси али жөнгө салына элек, өлкөдөгү турак- жай базары турукташмайынча терс күч бойдон кала берет. Ал турак-жай базарынын турукташуусу - дүйнөлүк экономиканы турукташтыруучу көрүнүштөр менен коштолот деп үмүттөнөт:

-Мен кылымда бир болуучу каржылык кризис реалдуу экономикага глобалдык маанидеги олуттуу таасирсиз өтпөсүнө ишене албайм. Менимче, албетте, бул жараян азыр жүрүүдө. Мунай баасынын, азык-түлүк баасынын төмөндөсү өңдүү позитивдүү көрүнүштөр да бар. Инфляциянын, кыска мөөнөткө болсо да ылдыйлоосу, бизди турукташтырууга жетиштүү болушу мүмкүн. Мен ушундай болсо кубанат элем.

Бирок "Standart &Poors" иликтөө компаниясынын Сингапурдагы директору Лоррейн Тан ( Lorreine Tan) өңдүү башка эсперттер көбүрөөк оптимисттик көз карашта. Тан айымдын айтымында, силкинүүлөр базардагы ишенимди калыбына келтирүү үчүн керек. Ал инвестрорлор акчасын жоготуп жатканына карабай, «Lehman Brothers» банкы кириптер болгон азыркы проблемалар менен АКШда инвестициялык банктардын банкротко кабылуусу аяктайт деп үмүттөнөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG