Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:49

17:20 Президент сунуш кылган талапкер Нарын шаарынын мэрлик кызматына өткөн жок


Бүгүн депутаттардын Нарын шаардык кеңешинин кезектеги отурумунда шаар башчылыгына макулдук берүү киргизилди. Президенттик администрациянын уюштуруу бөлүмүнүн инспектору Уран Ботобеков К. Бакиев Нарын шаарынын мэрлик кызматына эки талапкерди көрсөткөндүгүн билдирди. Бирок Нарын шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы Уланбек Мурадилов талапкер катары ат салышуудан баш тартты. Жашыруун добуш берүүгө учурда Нарын шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Бейшенаалы Боогачиев киргизилди жана добуш берүүнүн жыйынтыгында ага 27 депутаттын 15и каршы добуш бергендиги белгилүү болду. Бейшенаалы Боогачиев соңку төрт жылдан бери Нарын шаарынын мэри болуп иштеп келген жана быйылкы жылдын 25-августунда президенттин жарлыгы менен Нарын шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалган. (КUs)

XS
SM
MD
LG