Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

АЛТЫН СОТУНУН АЯГЫ КӨРҮНБӨЙТ


Кечээ (15-сентябрь) Бишкек шаардык соту “Кум-Төр” алтын кен компаниясынын лицензияларын кароону кийинкиге жылдырды. Бишкектин райондор ортолук экономикалык соту ушул жылдын 17-июнунда “Кум-Төр” алтын кенине Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги берген лицензияны жараксыз деп тапкан. Шаардык сот ишти “Кум-Төр” алтын кен долбоорун жаңылоо жөнүндөгү Кыргызстан өкмөтүнүн 2003-жылдын 31-декабрындагы токтомунун соттук териштирүүсү аягына чыкканга чейин карабай турган болду.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орунбасары Кубанычбек Исабековдун өкмөттүн 2003-жылдын аягындагы токтомун жокко чыгаруу боюнча берген доо-арызы Бишкектин райондор ортолук экономикалык сотунда кенен жети жарым ай каралды. Жыйынтыгында экономикалык сот К.Исабековдун доо-арызын четке кагып, антишке жүйөө катары убакты-сааттын өтүп кеткенин мисалга тартты. К.Исабеков экономикалык соттун узак териштирүүсүнөн кийинки алдагыдай чечимин талаша тургандыгын билдирүүдө.

- Туура эмес болсо ошол февраль-мартта эле айтса болмок. Ушунча карап-карап келип үстөл алдында сүйлөшүүлөр болдубу деп ойлойм. Себеби ошол эле сот М.Алымкулов бирөөнү чечип, ошол эле күнү берилген экинчи арызды четке какты. “Мөөнөтү өтүп кетти” дейт. Мен азыр ушул соттон менин арызымды карабай турган болуп аны кайра мага жибергенин уктум. Азыр угуп атам. Мен аны алган жокмун.

Кубанычбек Исабеков шаардык сотко жөнөткөн арызы кайтарылып кеткенин өзү уга электе Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги менен “Кум-Төр” алтын кен компаниясынын өкүлдөрү андан кабардар болуп калышканын билдирди:

- Кандайча булар билет? Мүмкүн булар анын маанисин да билер чыгар. Бүгүнкү соттун же эртеңки соттун чечимин да булар билээр деген менде ой бар.

Кыргызстандын Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин өкүлү Алмаз Алымбеков сотко арыз жолдогон К.Исабеков лицензия берүүнү татаалдаштырганды жактырат деген пикирде:

- Лицензияны К.Исабеков талашып жатат. “Кумтөр” алтын кен компаниясына берилген лицензияларды ал конкурс өткөрүлүп берилишин жактайт.

А.Алымбеков ошондой эле К.Исабеков жетектеген депутаттык комиссиянын Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин лицензия берүүсүн текшерүүсү сот тарабынан мыйзамсыз деп табылганын кошумчалады.

“Кум-Төр” алтын кен компаниясынын укукчусу Валентин Чернышов өкмөттүн 2003-жылкы токтому териштирилгенче лицензияларды шаардык сот карай берсе болмок эле дейт.

- Принцибинде бул маселени соттун бүгүн карай беришине эч кандай деле тоскоол жок болчу деп ойлойм. Өкмөттүн катышуусу боюнча. Aпрель айында лицензия менен өкмөт токтому жөнүндөгү эки иш бириктирилген. Ага К.Исабековдун Геология агенттигинин “Кум-Төргө” берген лицензиялары менен өкмөттүн 2003-жылдын 31-декабрындагы 83-токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү доо-арызы негиз берген.

Кийин ошол эле Бишкектин райондор ортолук соту 17-июнда ишти кайра экиге бөлүп, “Кум-Төр” алтын кенине берилген үч лицензияны мыйзамсыз деп тапкан. Ал эми өкмөттүн 2003-жылкы токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү К.Исабековдун доо-арызы четке кагылган.

К.Исабеков “Кум-Төргө” байланышкан сот иштери аягына чыгышы керек деген пикирде. Анын маалымдашынча, бир жолу чогулган боюнча өкмөттүн аппарат жетекчиси Мурат Исмаилов жетектеген өкмөттүк комиссиянын отуруму өтө элек.

- “Кум-Төрдү” биз аягына чейин бүткөрүшүбүз керек. Азыркы учурда иштеп аткан “Кум-Төрдүн” кыргыз элине пайдасы жок. Биз муну оңдошубуз керек. Акцияларынын пайызы жагынан, директирлер кеңеши жагынан, өзгөчө Кыргызстанга төлөнүп жаткан салыктар боюнча.

А.Атамбаевдин өкмөтү 2007-жылдын августунда кол койгон макулдашуулар парламенттен өтпөй калгандан бери И.Чудинов баштаган министрлер кабинети жаңы комиссия түзүп, ага канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө укук берген.

XS
SM
MD
LG