“Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкуловдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жыйында кеч күзгө пландаштырылып жаткан Элдик курултай боюнча элге кайрылуу жолдоо маселеси, Кыргызстанды өнүктүрүүнүн жаңы концепциясы талкууланат. Ага “Ата-Мекен”, “Асаба”, “Ак Шумкар”, “Улуу Биримдик” жана социал демократиялык партиянын лидерлери катышат. Жекшенкуловдун белгилешинче, Элдик курултайдын күн тартиби учурда жер жерлерден түшүп жаткан сунуштардын негизинде бекитилет.(MSu)