Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

НАТО: ГРУЗИЯГА ЖОЛ АЧЫК, БИРОК…


16-сентябрда Тбилисиде НАТО Кеңешинин көчмө жыйыны аяктады. Анын жүрүшүндө Грузия-НАТО комиссиясы ырасмий түрдө ишке киришкени жарыяланды. Тараптар кызматташтыкты тереңдетүүүнү чечишти. Баш катчы Яаап де Хооп Схеффер Грузия үчүн альянска жол ачык экенин белгилеп, ошол эле учурда Тбилисиге Мүчөлүк аракет планы качан сунуш кылынарын так айткан жок.

Эки күндүк сапарынын жана көчмө жыйындын жыйынтыктарына арналган пресс-конференцияда НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер Грузияга басып кирип жана Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын таанып,Россия өзүн изоляцияда калтырганын белгиледи. Ал эми Грузиянын альянска алынышы жөнүндөгү маселеде ал Тбилиси үчүн жол такай ачык бойдон каларын ырастап, бирок бул иштин мөөнөтүн айта алган жок. Болгону ал Грузия уюмдун талаптарына төп келиши керектигин, бу маселеде эч кандай мунаса болбой турганын гана так кесе белгиледи.

Схеффер быйыл декабрда НАТОнун тышкы иштер министрлери Тбилисинин даярдыгы канчалык экенин талдап-талкуулап көрүшөрүн, ошондон соң Грузияга Мүчөлүк аракет планын сунуш кылуу мөөнөтү белгилүү болорун кошумчалады. Баш катчы НАТОго кошулуу процессинде Грузия чоң жана олуттуу ийгиликтерге жетишкенин да белгилеп өттү. Алдыда дагы көп нерселерди жасоо зарылдыгын, азыркы өтө кыйын кырдаалга карабастан бул иш улантылышы керектигин белгилеп, Схеффер Грузиянын НАТОго кошулуу процессин эч ким, өзгөчө альянска кирбеген бир да өлкө үзгүлтүккө учурата албай турганын эскертти.

Өз кезегинде президент Михаил Саакашвили Грузиянын НАТОго мүчө болуу багыты “кайра жанбас иш процесс” экенин белгиледи. Августтагы окуяларга токтолуп, ал “абхаз жана цхинвал аймактары Россиянын оккупациясында калганына Грузия эч качан макул боло албастыгын”, “эл жана бүт бийлик, өлкөнүн саясий күчтөрү жаңжалды тынчтык жол менен чечүү үчүн бардык күч-аракеттерин улантып жатканын” ырастады. Мындан тышкары Саакашвили согушту орустар озунуп баштаганын көптөгөн күбө-таныктар менен далилдегенге да даяр. “Уруш Түштүк Осетияга Грузия кол салгандан улам башталды” деген кептерди Саакашвили “жүз процент калп” деп атады.

Эки күндүк жыйынга баа берип, АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Мэтью Брайза Россия өзүнүн эл аралык укук чөйрөсүндөгү милдеттенмелерине, француз президенти Николя Саркози менен түзүлгөн макулдашуу шарттарына кайчы келген аракеттери менен олуттуу провокацияларга жол берип жатканын НАТОдо жакшы түшүнө баштады деген тыянак жасады. Альянста августтагы окуялар учурунда Грузия жоопкерчиликтүү мүнөзүн көрсөткөнүн түшүнөрүнө үмүт билдирип, Брайза ошол эле учурда Тбилиси Цхинвалиге кол салып, олуттуу калпыстык кетиргенин да моюнга алды.

XS
SM
MD
LG