Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:39

Дүйнөнүн каржы системасындагы чайпалуулардан улам Улуу депрессия кайрадан кайталанбайбы деген суроо кийинки кездери утур-утур айтылууда. Экономисттер азыркы доордун эрежелери буга жол бербей турганына узактан бери ишендирип келишет, бирок каржылык кризис таасиринин улам кеңири жайылуусу кооптонууларды жаратып жатат.

Каржы дүйнөсүн кый-сыпыр түшүргөн соңку окуя Кошмо Штаттарда "Lehman Brothers” банкынын банкротко кабылышы болду. Жүз элүү сегиз жылдык тарыхы бар «Lehman Brothers» төртүнчү ири инвестициялык банк катары эсептелчү.

Ипотекалык рыноктогу кризистен улам бир нече миллиард доллар жоготуп, баалуу кагаздарынын куну кеткен банк банкротко кептелгенин жарыялаган соң Азия менен Европада, АКШнын өзүндө, Орусияда биржалык индекстер кургуйга кулап, баалуу кагаздардын наркы арзандады.

Мындан улам, экономисттердин тили менен айтканда, ликвидүүлүктү колдош үчүн каржы рынокторуна АКШнын федералдык резерв системасы соңку эки күндө 120 миллиард доллар, Европанын борбордук банкы 70 миллиард евро, Жапониянын борбордук банкы 14 миллиард доллар куйду.

Ушул аптанын инвесторлорду алдастаткан башка окуяларына келсек, АКШдагы ипотекалык кризистин запкысын көргөн "Merrill Lynch" банкы өзүн "Bank of America"га сатуу менен банкрот абалынан кутулду.

Бул аралыкта Нью-Йорк биржасындагы кечээги соодада дүйнөнүн ири камсыздандыруу компанияларынын бири - American International Groupтун (AIG) акциялары 50%га арзандап кетти. Нью-Йорктун губернатору Девид Патерсондун (David Paterson) билдиргенине караганда, компания өзүн банкроттуктан сактоо үчүн 80 миллиард доллар табууга бир күндүк убактысы бар.

Андыктан Улуу депрессия кайталанбайбы деген суроолорду мына ушул өңдүү көрүнүштөр эске салууда. Тарыхтан белгилүү болгондой Улуу депрессия деп өткөн кылымдын 1929-33-жылдарындагы окуялар аталат. АКШда наркы ашыкча бааланып кеткен баалуу кагаздардын куну 1929-сентябрь, октябрь айларында тездик менен кетип, миллиондогон адамдар итке минип калган эле.

Кошмо Штаттарда Улуттук банк катары эсептелген – Федералдык резерв системасын көп жыл бою башкарган Алан Гринспен (Alan Greenspen) өткөн жекшемби күнү Эй-Би-Си телеканалындагы маегинде азыркы каржылык кризисти, балким, бир кылымда бир кездешүүчү окуя катары мүнөздөдү. Муну менен ал Улуу депрессияны эске алгандай болду:

- Мен кылымда бир болуучу каржылык кризис реалдуу экономикага глобалдык маанидеги олуттуу таасирсиз өтпөсүнө ишене албайм. Менимче, албетте, бул жараян азыр жүрүүдө.

Улуу депрессиянын таасири өткөн кылымда узакка сезилген. Уолл-Стриттеги негизги биржалык индекстердин бири – Доу Жонс 25 жыл бою кыйроо алдындагы деңээлине чыга алган эмес. Өндүрүш 54%га төмөндөп, жумушсуздук 30%га жогорулаган.

Ушуга окшогон статистикалык маалыматтарды эске алганда, азыркы силкинүүнүн Улуу депрессиянын деңгээлине жеткенге чейин али басып өтө турган жолу бар. Анткен менен каржы чөйрөсүнө адистешкен лондондук талдоочу Бернард МакАлиндендин (Bernard McAlinden) көз карашында, бул кайталануусу мүмкүн. Ал белгилегендей, соңку он жылда глобализация эл аралык экономиканы болуп көрбөгөн масштабада чырмап салды:

- Тартылган институттар барган сайын көп. Эгер АКШ проблеманын эпицентри болсо, бул АКШ менен эле чектелбейт. Себеби глобалдашкан дүйнөдө ал институттарга байланышкан институттар көп.

Адистердин айтымында, азыркы кыйынчылыктар менен Улуу депрессиянын эң чоң айрымачылыгы - массалык жумушсуздук жок дегенде азырынча АКШнын каржы индустриясынын ичинде экендиги. Ал эми коомчулуктан катуу жабыр тарткан жалгыз чөйрө - үй сатып алуучулар. Экономиканын башка секторлору да төмөндөөдө, бирок жерпайы бекемдей көрүнөт.

Нобель сыйлыгын алган америкалык экономист Жозеф Стиглиц
(Jozeph Stiglitz) өлкө Улуу депрессияга багыт алганына ишенбейт. Дүйнөлүк банктын мурдагы башкы экономистинин айтымында, азыркы кризистин кубаты анчалык деле катуу болбошу керек, себеби мындай олку-солкулуктарга жооп берүүнүн жолдору иштелип чыккан.

Британиялык талдоочу Бернард МакАлинден белгилегендей, андай жооптордун эң чечүүчүсү – баалуу кагаздар базары кулай баштаганда, экономикалык термин менен айтканда, капыстан болуучу дефляцияны көзөмөлдөө. Ушул нерсе өткөн кылымдын 30-жылдары көзөмөлдөнгөн эмес, жана экономикага эбегейсиз сокку урган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG