Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

17-СЕНТЯБРЬ: “ТАРЫХ БАРАКТАРЫ”


1675-жылдын бу күнү орус адамдары Энесайдагы кыргыз жергесине киришип, стратегиялык жактан маанилүү жерде курулуш ишин башташкан. Исламчыл согушчандар 1999-жылдын 17-сентябрында Хайдеркен райондук борборго жакын жерден мамлекеттик аскерлерге каршы чабуулга өтүштү.

Падышалык Россиянын Сибирдеги воеводалары чыгыш багытындагы бийлигин чыңдаш максатында энесайлык кыргыздардын жерин басып алууну көздөшкөн. Кыргыздар да баскынчыларга каршы чечкиндүү аракет көрүшүп, колдон келген каршылыктарды жасап жатышты. Красноярск воеводасы А. Сумараков кыргыздардын чапкынын чектеш максатында кыргыз жергесине чеп курууну пландаштырган. Ал үчүн Абакан суусунун Энесайга куйган өрөөнү тандалып алынып, 1675-жылдын бу күнү орус адамдары кыргыз жергесине киришип, стратегиялык жактан маанилүү жерде курулуш ишин башташкан.

Орус адамдары Энесай дарыясы аркылуу кайыктан келип, чеп үчүн тегерете аң казууга киришишкен. Орус бийлигинин чагымчыл аракети кыргыздардын башчысы Эренактын көз жаздымында калган эмес. Ал колдо бар мүмкүнчүлүгүн колдонуп курулуп аткан чепке эки ирээт ийгиликсиз чапкын жасаган.

Кыргыз калкынын сбатсыздыгын жоюп, билим жолуна түшүшүнө 1919-жылдын 26-декабрда В. И. Ленин кол койгон «РСФСР калкынын сабатсыздыгын жою туурасындагы» Декрети маанилүү роль ойногон. Лениндик декретке ылайык, Түркстан Республикасынын элдик комиссарлар кеңеши 1920-жылдын 17-сентябрь күнү «ТСРРСФ калк арасындагы сабатсыздыкты жою жөнүндө» Декрет кабыл алды.

Түркстан Республикасынын декретинде кылымдар бою орун алган жапайылык көрүнүшкө каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүп, 8ден 40 жашка чейинки адамдардын сабатсыздыгын жою маселеси каралган. Элдик комиссарлар кеңеши сабатсыздарды окутуу үчүн жергиликтүү бийликке аларды күчтөп окутуу маселесин койгон. Сабатсыздыкка каршы күрөшкө жергиликтүү партия, комсомол жана профессионалдык кошуун өкүлдөрүнүн активдүү катышыш проблемасы каралган.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки оор сыноо 1999-жылдын күз айында башталды. Тажикстандан Кыргызстан аймагына оогон Өзбекстан ислам кыймылынын согушчандары Баткен, Алай райондорунун айыл-кыштактарын тоноп, бейпил калктын жашоосуна жана жаңыдан телчиге баштаган кыргыз мамлекеттик түзүлүшүнө доо кетирген. Буга чейин жүргөн согуш аракеттери бир канча күнгө тыным алып, эки тарап тең күчтөрүн топтоп, аракет көрчү мерчемин белгилөөгө жетишишти.

Исламчыл согушчандар 1999-жылдын 17-сентябрында Хайдеркен райондук борборго жакын жерден мамлекеттик аскерлерге каршы чабуулга өтүштү. Саны жагынан 150 чамасындагы башкесерлерге каршы майлысайлык өзгөчө батальон салгылашып, согуш таңкы 4кө чейин уланды. Кармашта душмандар оор жоготууга учурап, согуш талаасында ислам согушчандарынын тала командири Абдулазиз Юлдашевдин сөөгү калган.
XS
SM
MD
LG