Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:22

А.ИДИРИСОВ: ЖАҢЫ АЛЫНГАН БОИНГ-737 200 УЧАГЫНЫН ЭСКИЛИГИ ЖЕТКЕН


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Кыргызстандын аба каттамдарынын коопсуздугу туурaлуу талаш-тартыш дагы элe кызуу уланууда. “Эйр Централ Азия” авиакомпаниясынын вице-президенти Акылбек Идирисов мамлекеттик “Кыргызстан” авиакомпаниясы тарабынан Дубайдан алынып келинди делген Боинг-737 200 учагы “Исток” авиакомпаниясына тиешелүү экендигин билдирди. Анын айтымында, “Исток” авиакомпаниясы буга чейин Кыргызстанда каттоодон өтүп, кийин Тажикстанга которулганын “Азаттыктын” таңкы маегинде айтып берди.

- Акылбек мырза өткөн ишембиде Транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов менен “Кыргызстан” авиакомпаниясынын башчысы Эгемберди Мырзабековдун “Манас” аба майданында Дубайдан Боинг-737 200 аба учагын тосуп алганы, мамлекет мыкты учак менен камсыз болгондугу маалымдалууда. Ал учакты Кыргызстан үч жыл ижарага пайдаланып, кийин баш оту менен сатып алат экен. Айрым адистер ошол учактын эскилиги жеткенин, анын артында ызы-чуу көп экенин айтышууда. Сиз дагы ошол учак жөнүндө билгендериңизди айтып берсеңиз?

А.Идирисов: - Биздин маалымат боюнча «Кыргызстан» авиакомпаниясы жаңы алып келдик деген Боинг-737 200 үлгүсүндөгү учак 1986-жылы заводдон чыгарылып, пайдаланууга берилиптир. Ал эми аталган компаниянын өкүлдөрү бул учак 1987-жылы чыккан деп атышат. Экинчиден, «Кыргызстан» авиакомпаниясынын жетекчилиги эки жылдан бери ушул учакты сатып алуу боюнча Германиянын авиакомпаниялары менен сүйдөшүүлөрдү жүргүзүп келишкенин айтышууда. Чындыгында бул алынып келинген Боинг-737 200 үлгүсүндөгү учак «Исток» деген авиакомпаниянын учагы. Ал компания бир-эки жылдан бери Тажикстанда каттоодо турган.

Жанагы бизге келген учак «Исток» авиакомпаниясынын атынан Дубайга учуп туруучу. Анан таң калыштуу нерсе «Исток» авиакомпаниясы мурда Кыргызстандын каттоосунда болчу. Качан Кыргызстандын авиакомпаниялары кара тизмеге киргенден кийин, алар бул учактарын Тажикстанда каттоодон өткөрүп кетишкен. «Эко Янки- 531» деген учагы да бар болчу. Бул авиация тармагындагы көз боемочулукбу...?

-Акылбек мырза, “Исток” авиакомпаниясы мындан мурда Кыргызстандык зыяратчыларды Меккеге алып барабыз деп убада берип коюп, кийин убадасын аткарбай койгон авиакомпания эмеспи?

А.Идирисов: - Ошол, ошол авиакомпания. Кыргызстандын муфтияты зыяратчыларды Меккеге жеткирүү боюнча «Исток» авиакомпаниясы менен келишим түзгөн. Анан алар акыркы саатта убадасынан тайып, зыяратчылар Меккеге жеткирилбей кала турган болгондо, Муфтият Түркиянын авиакомпаниясы, «Итек эйр», «Эсен эйр» компаниялары менен хадж программасын аткарган.

- Акылбек мырза, анда Транспорт жана коммуникация министрлиги, Кыргызстан авиакомпаниясы жанагы Боинг-737 200 үлгүсүндөгү учакты сатып алуу үчүн ушул «Исток» авиакомпаниясы менен келишим түзүшкөнбү?

А.Идирисов: - Ооба, биздин маалымат боюнча алар өз ара келишим түзүшкөн шекилдүү.

-Маалымат каражаттарында Кыргызстанга алып келинген Боинг-737 200 үлгүсүндөгү учак мыкты экендигин айтып чыгышпадыбы. Ал учактын техникалык абалы кандай? Сиз адис катары өз пикириңизди айта кетсеңиз?

А.Идирисов: - Эми техникалык жактан алганда, бул учак Араб Эмиратындагы атайын учактарды текшерүүчү базалардан өткөнү айтылууда. Анан биздин авиадепартаменттин учууга жарамдуулугун текшерүүчү атайын бөлүм бар. Ошолордун да кароосунан өткөн. Демек техникалык жактан учуунун талаптарына жооп берет болуш керек.

-Сиз жогоруда айтып кетпедиңизиби бул алынып келинген учак 1986-жылы чыгарылган деп. Ал эми тиешелүү жетекчилер 1987-жылы чыгарылганын айтышууда. Учактар үчүн бир жыл айырма канчалык таасир берет?

А.Идирисов: - Себеби авиаучактарга чек коюп жатышпайбы. Мисалы, чыгарылганына 25 жылдан ашкан учактарды каттоодон өткөрбөйт. Ошон үчүн бир жыл көп маселени чечет. Дагы бир жылга иштегенге мүмкүнчүлүк берет. Ошондуктан Транспорт министрлиги, авиадепартаменти, «Кыргызстан» авиакомпаниясы акчанын көзүнө карабай учактар чыккан чет өлкөлүк завод менен жеринде келишим түзсө кыргыз авиатармагы сапаттуу учак менен камсыз болуп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна да кепил болот эле.

Жакында алып келинген Боинг-737 200 үлгүсүндөгү учак дагы оңой акчага келбейт. Анын учууга жарактуулугунун мөөнөтү эки-үч жылдан кийин эле аягына чыгат. Бөөдө чыгым болуунун эмне кереги бар. Бул жерде бирөөлөрдүн кызыкчылыгы барбы деген ойго да келесиң. Жетекчилер бул маселеде өтө жоопкерчиликтүү мамиле жасашы керек эле.

(Сүрөт: Боинг-737 200 учагы "Манас" аба майданында www.photo.kg булагынан алында )

XS
SM
MD
LG