Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

С.КАЙЫПОВ: СОТ МУНУ МЕНЕН ЭЛЕ БҮТПӨЙТ


Маектешкен Бекташ Шамшиев, Бишкек 10-сентябрда Бишкек шаар башчысы Нариман Түлеев маалымат жыйынын чакырып, анда Кыргыз-түрк “Манас” университетине тиешелүү 85 гектир жердин 60 гектирин сот аркылуу кайтарып алууга киришкенин билдирген. Шаар башчы университетке 25 гектир жер деле жетиштүү экенин ырастаган. Нариман Түлеев алты жылдан бери бөлүнгөн жерди Кыргыз-түрк “Манас” университети бош калтырып, иштетпей келатканын айткан. Талаштуу ишке тактык киргизип берүүнү өтүнүп университет ректору, профессор Сулайман Кайыповду кепке тарттык.

- Сулайман мырза, жакында Бишкек шаар башчысы Кыргыз-түрк “Манас” университетине тийиштүү 85 гектир жердин 60 гектирин алабыз, сотто утуп чыгабыз деген билдирүү жасады. Ушул чатактын жөн-жайына айта кетсеңиз, ал эмнеден чыкты?

С.Кайыпов: - Болбой турган жерден чатак чыкты да. Анткени шаар башчы өзү биздин университеттин Камкорчулар кеңешинин мүчөсү болуп эсептелет. Камкорчулар тобунун мүчөсү экенин билбей, ошол маалымат жыйынында “Манас” лицеи деп айтып атпайбы. Ал “Манас” лицеи эмес да. Анан “көп акча таап жатышат”, дейт. Көп акча тапкан университет эмес. Биз бүтүн студенттерибизге стипендия беребиз. Бизде контракт, сырттан окуу деген жок. Бардык студенттерге стипендия, анан арзандатылган тамак беребиз. Абдан арзан жаткана беребиз.

Мунун бардыгы Түркиядан келген акча менен жасалып жатат. Кыргызстандан бир тыйын алынбайт. Шаар башчысынын мамлекеттик кызматкердин этикасына жатпаган пикирлерди айтып, элдин арасына жаңылыш пикирлерди жаратып жатканы туура эмес. Мына бул иш башталганда мен Ооганстанга гуманитардык жардамды алып барган экспедициянын мүчөсү элем. Келсем сотко берип 85 гектирдин 60 гектирин алам деп беш күндүн ичинде райондук сот жыйынтык чыгарып бериптир. Биздин университет тарабынан эч ким катышкан эмес. Ал жерде бир тараптуу жыйынтык чыгарып коюшуптур. Мындай татаал ишке сот беш күндүн ичинде кандай жыйынтык чыгарат? Мен албетте, сотко берем. Ушул жыйынтыкты чыгарган сотко “жекече аныктама” деп коет укукчулар, ошол “жекече аныктама” чыгарышын талап кылам.

- Сөзүңүзгө аралжы, Нариман Түлеeв сиз айтып жаткан маалымат жыйында дүйнөлүк стандарт боюнча университет шаарчасына 17 гана гектир жер бөлүнөөрүн билдирди.

С.Кайыпов: - Бул чындыкка такыр коошпогон нерсе. Кайсы стандарт? Дүйнөлүк стандарт деген жок. Андай түшүнүк да жок. Чет өлкөлөрдөгү кээ бир университеттерге 300 гектир жер бөлүнгөн. Аларда учак коно турган жерлери да бар. Биз андайды кыла албайбыз. Бирок сырттан инвестиция, белек болуп келип жаткан миллиондогон долларларга курулуп жаткан, өзү Камкорчулар кеңешинин мүчөсү болуп туруп университеттен жер талашып отурганы мамлекеттик кызматкердин этикасына жарашпаган нерсе экенин элдин баарына айтып койгум келет.

- Сулайман мырза, сиздин оппонентиңиз университет бөлүнгөн жерге 6 жылда эч нерсе курган жок деп кине койду. Мунун чындыгы барбы?

С.Кайыпов: - Бул таптакыр туура эмес! Буга кандай деп айтса болот? Ал жерде жаңы курулган имараттар болбосо биз үч миң студентти ал жерде кантип окутуп жатабыз? Ал жерде төрт факультеттин имараты бар. Жаңы курулуп жаткан беш-алты имарат бар. Спорт шаарчасы бар, эчен чакырым жолдор бар. Электр жарыгы орнотулган, машине, жөө кишилер үчүн жолдор бар. Мына бир-эки мисал айта кетейин. Университет 1995-жылы ачылганы менен 2002-жылы 85 гектир жер алган. Ошол алары менен эле имараттарды курууну баштаган.

Ошондон бери мына сегиз факультетти батырып турган имараттар бар. Студенттердин теннис, волейбол, футбол ойной турган спорт аянттары бар. Кыргызстанда жок стадион бар. 600 студент жашай турган жатакана курулган. Окутуучулар үчүн үйлөр курyлган. Мен өзүм ректормун, бирок ошол жердеги үйдө жашайм. Анын сыртында жакында эле жабык спорт сарайын курууну баштадык. 600 студентке ылайыкталган жаңы студенттер жатаканасын курууну баштадык. 800 студент бир кирип тамак ичип кете турган студенттик ашкананын курулушун баштаганбыз. Мугалимдер үчүн 60 квартиралуу үйдүн пайдубалын түптөдүк. Андан тышкары бизде иштеген жетекчилер, декандар, академиктер үчүн дагы 5 үй куруп жатабыз.

Мунун баарын көрбөй-билбей, университетти лицей деп, анан да көп акча таап жатат деп, сотко берип, анан эртең сот болот деген күнү “биз утабыз” деп айтыштын өзү таптакыр туура эмес. Бул сотко жасалып жаткан басым болуп эсептелет. Эртеси сот болду, уталган жок. Анткени закон деген бар. Соттун отуруму 21-сентябрга чейин токтотулду. Мен ишенем, мыйзамдуулук деген болуш керек. Мыйзамда эмне болсо - ошол баарынан күчтүү. Бир эле киши же топ келип алып эле “мен ушуну жасай берем” деп мамлекеттик университетке, болгондо да чет эл акчасына курулуп жаткан, балдарды алып келип бекер окутуп жаткан, бекер тамак берип окутуп жаткан университетке ушундай мамиле кылганы ага эч качан жарашкан жок.

- Кыргыз-түрк “Манас” университетинин айланасындагы чатакка Түркиянын расмий жагынан мамилесин билдирүүлөр болдубу?

С.Кайыпов: - Албетте, болот. Бул өкмөттөр ортолук келишимдин негизинде курyлган университет. Президент жарлыгы менен ачылган университет. Андан кийин жер өкмөттүн токтому менен берилген. Анан ошол токтомду Бишкек мэриясы аткарган. Анан анын университетти сотко бергени туура эмес, акылга сыярлык нерсе эмес. Анда өкмөттү сотко берсин! Президентти сотко берсин жарлыкты туура эмес чыгаргансың деп! Эл аралык келишимди бузсун! Андан кийин эмне кылса ошо кылат. Өкүнүчтүүсү, бул абдан узак кетек турган жараян болгону турат. Сот оңойчулук менен бүтпөй. Соттошуп жүрүп Н.Түлеев экөөбүз пенсияга чыгып кетишибиз мүмкүн.

- Маегиңиз үчүн рахмат!

XS
SM
MD
LG