Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

14:21 Президент Мамлекеттик күзөт кызматына 3 миллион сом берди


Бул тууралуу президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов күзөт кызматынын 16 жылдыгынын урматына бүгүн өткөн салтанаттуу жыйында билдирди. Бөлүнгөн каражат жабдыктарды алуууга жана кызматтык батирлерди курууга багытталды.
Садыркуловдун айтымында, Мамлекеттик күзөт кызматы өлкөнүн коопсуздугун сактоо милдетин алган атайын кызматтардын ичинде өзгөчө орунга ээ жана бул кызматтагы кесипкөйлүк мамлекеттик деңгээлдеги иш чаралардын кынтыксыз өтүшүн шарттоодо. Кошумчалап койчу жагы президент Курманбек Бакиевдин жардыгына ылайык Мамлекеттик күзөт кызматын ушул жылдын 3-июнунан бери Жаныбек Бакиев жетектеп келатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG