Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:52

15:30 Нарын облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы алмашты


“Азаттыктын” Нарындагы кабарчысы Күмөндөр Усуптегиндин маалыматына караганда, облустук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Мырзабек Кадыркуловдун ордуна комиссия мүчөсү Майрам Тилентиева дайындалды. Жетекчиликти алмаштыруу жыйынына БШКнын аппарат башчысы Кудайберген Базарбаев баштаган топ катышты. Мырзабек Кадыркулов өзүнүн кызматтан алынышын Нарын шаар башчысын шайлоого байланышкан саясий оюндардын туундусу деп, муну добуш жасоо тууралуу жергиликтүү бийликтин басымын аткарбагандыгы менен байланыштырды. Борбордук шайлоо комиссиясы бул окуяга түшүндүрмө берүүнү каалаган жок.
16-сентябрда Нарын шаар башчысын шайлоо болуп, анда президент Курманбек Бакиев мэрге сунуштаган Бейшеналы Боогачиевге шаардык кеңештеги 27 депутаттын 15и каршы чыгышкан. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG