Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:26

16:10 Оппозиция бириккен жарандык кыймыл түзүп жатат


“Акыйкат үчүн” кыймылынын алдындагы коомдук парламенттин 15-сентябрдагы отуруму кабыл алган резоюцияда белгиленгенге караганда, кыймылды түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү президиумга тапшырылды. Мындан тышкары Коомдук парламент саясий укуктарды жана эркиндиктерди коргоо боюнча коомдук комиссия түздү. Анын жобосун иштеп чыгуу саясатчы жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиевге тапшырылды. Коомдук парламент ошондой эле бийликтен “Де-факто” жана “Алиби” гезиттеринин баш редакторлору Чолпон Орозобекованы, Бабырбек Жээнбековду куугунтуктоону токтотууну талап кылды. Мындан тышкары энергетика системасындагы чыныгы абалды иликтөө боюнча, жергиликтүү кеңештерге шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча коомдук комиссиялар түзүлдү. Коомдук парламент ошондой эле Кыргызстанды өнүктүрүү Концепциясынын долбоорун жактырып, Элдик курултайга сунуштамай болду. Жети пункттан турган резолюциянын иштелип чыккан акыркы үлгүсүн “Акыйкат үчүн” кыймылы бүгүн таратты. (BuS)

XS
SM
MD
LG