Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:48

16:10 Кыргызстанда жаштар саясаты боюнча жаңы улуттук концепция даярдалып жатат


Аталган долбоорду президент админстрациясынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана депутаттардан Алишер Мамасалиев кирген жумушчу топ иштеп чыгууда. “Азаттыктагы” маегинде А. Мамасалиев концепция октябрь айында коомчулукка жарыялана тургандыгын маалымдады. Депутат жаштар иши боюнча мамдепартаментти өкмөттөн утур-утур каражат сурап, акча тартыштыгын маселеге айлантып өзүнүн ишин жүргүзө албады деп сынга алды. Бул улуттук концепция ага киргизилген жаңы технологиялар, ыкмалар менен айырмаланмакчы. Ага ылайык жаштар департаментин бир жылдын ичинде жоюп, ар бир министрлик, мекемеде жаштардын бөлүмдөрү түзүлмөкчү. Бөлүмдөрдү көзөмөлдөөнү президенттин администрациясы колго алат. А. Мамасалиев жаштар саясатын жүргүзүү актуалдуу маселеге айланганын, учурда жаштар ислам радикал уюмдарга жана кылмыш чөйрөсүнө арбын тартылып жатканын, ушундан улам жакын арада чоң проблема чыгышы мүмкүн экенин эскертти. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG