Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:22

17:17 Авиакырсыктагы жабырлануучулар өкмөттөн Иранга нота жиберүүнү сурап жатышат


Бул тууралуу бүгүн уюштурулган маалымат жыйынында адвокат Галина Скрипкина билдирди. Адвокаттын айтымында, өкмөт кыргызстандык жабырлануучуларга компенсация төлөөнү кечиктирип, кайрылууларга жооп бербей жатат. Муну айрым мамлекеттик кызматкерлер маселени чечүү үчүн ириде кыргызстандык “Итек Эйр” менен ирандык “Ассеман Эйр” компаниясы ич ара мамилелерин тактоо зарылдыгы менен байланыштырышууда. Уулунан айрылган жабырлануучу Замира Ибраимова өкмөт авиакырсыкка ким күнөөлүү экендигин аныктабай, авиакырсыкта жабырлануучуларга кам көрбөй жатат деп билдирди. 24-августта Бишкек-Тегеран сапарында кырсыкка кабылган учактагы 90 жүргүнчүнүн негизги бөлүгү Ирандын жана Кыргызстандын жарандары болушкан.(BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG