Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

АКШнын коргоо мекемелеринин жетекчилери Ооганстан менен Пакистанда жүрөт


Алар талиб козголоңчулары, "ал-Каида" согушкерлерине каршы күрөштү жана чек арадагы кырдаалды талкуулоо үчүн барышты. Коргоо министри Роберт Гейтс Кабулда ооган президенти Хамид Карзай жана башка расмий өкүлдөр менен сүйлөшүү өткөрдү. Ал эми Штаб башчылардын бириккен комитетинин төрагасы, адмирал Майк Маллен премьер-министри Юсуф Реза Гилани жана армия башчысы, генерал Ашфак Каяни менен сүйлөшүү өткөрүү үчүн Пакистанда жүрөт.
АКШнын жогорку даражалуу расмий өкүлү Исламабадга Пакистан АКШ баштаган эл аралык күчтөрдүн согушкерлерге каршы Ооганстандан Пакистан тарапка өтүп келип жасаган рейддеринен коргоноорун эскерткен соң келип олтурат.
Бул аралыкта, бүгүн Ооганстанда жол боюна көмүлгөн бомбанын жарылуусунан АКШ баштаган коалициянын төрт аскери жана бир ооган каза тапты.

XS
SM
MD
LG