Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:12

Орусиянын биржаларында бүгүн соода токтотулду


Буга акциялардын куну кетүүсүнүн уланганы түрткү берди. Бүгүнкү төмөндөө 6 пайыздын тегерегинде болду. Мунун алдында кечээ глобалдык каржы базарларындагы кый-сыпырдын жана мунай баасынын төмөндөөсүнүн шартында орусиялык ири жана монополист ишканалардын акциялары соңку үч жыл ичиндеги эң жогорку чекке түшүп кеткен эле. 1998-жылкы каржылык жана экономикалык кризистин кайталануусунан чоочуган өкмөт банк системасына акча куюууну убада кылды. Өлкөнүн каржы министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, өкмөт үч ири банк Сбербанк, Внешторгбанк жана Газпромбанктын ликвиддүүлүгүн коодош үчүн 44,9 миллиард доллар насыя ажыратууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG