Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

17:40 Нарын: айрым бейөкмөт уюмдар өлкө башчысына 5-октябрдагы шайлоо мыйзамдуу өтөөрүнө ишенбөө тууралуу кайрылуу кабыл алышты


Алар мындай кайрылууну бүгүн Нарын облусттук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Мырзабек Кадыркуловдун басма сөз жыйынынан кийин кабыл алышты.
«Naryn.kg» медиа борборунда өткөн жыйында Кадыркулов өзүнүн кызматтан кетишин Нарын шаар башчылыгына өткөн шайлоого байланыштырды. Анын айтымында, добуш берүү бюллетени алдын ала даярдалган, анткени сессия учурунда экинчи талапкер өзүн өзү алып салган эле. Ал эми бюллетенде анын фамилиясы ага чейин эле жок болуп чыккан. «Нарын шаардык кеңешинин депутаттарынын кечээки шайлоодогу позициялары генерал губернатор башкарган облустагы демократиянын чыныгы жышааны”, - деп белгиледи Кадыркулов. Ал эми басма сөз жыйынынын катышуучулары Нарын шаардык кеңештин депуттарынын чечимин кол чаап кабыл алышты. (JI)

XS
SM
MD
LG