Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:05

А.МАМАСАЛИЕВ: ЖАШТАР КЕЛСЕ ЭЛЕ БААРЫ ӨЗГӨРӨТ ДЕГЕН ЖАҢЫЛЫШТЫК


Маектешкен Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек Кыргызстанда жаштар саясаты боюнча жаңы улуттук концепция даярдалып жатат. Аталган долбоорду президенттик админстрациянын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана депутаттардан Алишер Мамасалиев кирген жумушчу тобу иштеп чыгууда. Өлкөдөгү жаштар саясаты тууралуу А.Мамасалиев “Азаттыктагы” кеңири маегинде концепция октябрь айында коомчулукка жарыялана тургандыгын маалымдады.

- Жаштардын арасында өзүнчө топтор бар. Мисалы, Ош базарында соода кылып жаткан жаштын максаты башка, динге кызыккан жаштардын максаты бөлөк, партиянын өкүлү да айырмаланып турат. Бизди кызыктарган жаштар булар - активдүү, жеке көз карашы бар, саясатка кызыккан жаш жарандар.

Жаштардын саясатка аралашуусу үчүн биз мыйзам чегинде бир топ шарттарды түзүп бердик. Былтыр шайлоо кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин ар бир жаш жаран өзүнүн укугунан пайдаланып, мисалы жергиликтүү кеңешке шайлоого катышса болот. Жыйырма беш жашка чыгып парламенттик шайлоого катышса болот.

Жаштар эмне себептен талапкер катары катышып жатат деген суроого жеке өзүмдөн алып жооп берейин. Мен 2004-жылы шаардык кеңештеги шайлоого катышкам. Биринчиден мага ал кездеги Кыргызстандагы ички саясатты жүргүзүү жаккан эмес. Аны өзгөртүүгө салымымды кошоюн деп, мамлекет үчүн бир топ иштердү жүргүзүп аракет кылсам деген ой менен шайлоого катышкам. Мен азыр биздин жаш жарандардардын көпчүлүгү деле ушундай максат менен шайлоого катышып жатат деп ойлойм.

- Сиз алардын депутат болуп калуу мүмкүнчүлүктөрүн кандай деп баалайсыз? Мисалы сиз убагында шайлоодон өтпөй калгансыз да.

- Ал убакта менин оппоненттерим “Алга Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү мага административдик, ресурсттук жактан тоскоолдук кылышкан, басым жасашкан. Эми ачыгын айтыш керек, жакында президент бизге кайрылып, эгер “Ак жол” партиясынын өкүлдөрү шайлоого катышкысы келсе, анда ал партиянын атынан эмес, жеке өзүнүн атынан каттоодон өтсө болот эле деп айтпадыбы. Менин оюмча президент мындай оюн административдик ресурсту колдонбой, пайдаланбай өзүнүн аракети, платформасы менен чыксын деген себеп менен айтты.

Биз көбүнчө облусттарда иштеген жетекчилер, базаркомдор, чоң бизнесмендер “Ак Жол” партиясынын мүчөлөрү болуп жатканын баарыбыз билебиз да,. Ошондуктан “Ак-Жол” партиясынын имиджин бузбай, партиянын жасаган жумуштарын же саясий платформасын пайдаланбай шайлоого катышса туура деп ойлойм. Биз “Ак-Жол” партиясынын депутаттары президенттин айткандарын туура эле түшүндүк.

- Кыргызстанда саясатчылардын жаш, жаңы мууну келиши керек деп айтылып келет. Бул шайлоодо жаштарда ушундай мүмкүнчүлүк болобу?

- Дайыма эле “Кыргызстандын келечеги жаштардын колунда”, деп угуп эле жүрөбүз. Бирок жаштардын келечеги кимдин колунда деген суроо бар.
Мен мурун ойлогом, эгерде бийликке, саясатка жаштар келсе эле дароо баары өзгөрөт деп. Иш жүзүндө бул андай эмес экен. Мына мен жарым жылдан бери парламентте иштеп жатам. Мен азыр тажрыйба топтоп, үйрөнүп жатам. Дагы бир жыл керек үйрөнгөнгө.

Биз бейөкмөт уюмдарга мүчө болуп жүргөндө чоң саясатты башкача түшүнгөнбүз. Келсек муну кыдырабыз, антип салабыз, чечип беребиз, аны кетиребиз деп айтчубуз. Саясатка келсең, иш жүзүндө баары башкача экен. Мыйзамды кичине талкуулап, Конститутцияны карасак оор маселелер көп.

Анан дагы бир проблема бар. Жасалма жол менен жаштарды саясатка түртүү бул туура эмес. Эгерде өзү саясий жолду тандап алса, анда албетте, өзүнүн күчү менен колунан келишинче аракет кылып максатына жетсе болот. Эгерде биз дайыма эле жаштар келиши керек, жаштар баарын жасап берет десек бул практикалык жактан ишке ашпайт экен.

Жаштар келсе эле маселе чечилбейт экен. Ачык айтыш керек, биздин деле арабызда карьера үчүн саясатка келген жаштар бар. Аттарын айтпай эле коеюн, менин кесиптештерим аларды билет. Ошондуктан, биринчиден биз өзүбүз сапаттуу болушубуз керек, мыйзамды билип, юридикалык жактан кичине билимибизди көтөрүп, андан кийин алдыга жылсак болот эле.

- Жасалма жол менен саясатка аралаштыруу болбойт экен деп айтып кеттиңиз. Сиздер Шайлоо кодексине жаштар үчүн атайын квота берилсин деген сунуш менен чыгып, аны киргизгенсиздер. Бул деле кайсы бир деңгээлде жасалма жол менен жаштарды алып келүү болуп калбайбы?

- Жок. Эми мындай да. Мисалы, биз бүгүнкү жаштардын саясатын алсак, бизде атайын департамент бар. Алардын адистери, алардын жетекчилери дайыма акча сурашат. “Акча бергиле, биз өзгөртөбүз”, деп. Мисалы бизди алсак, биз жети киши болуп жарандык платформа түзүп, квоталарды жаңы кодекске (Шайлоо кодекси – авт.) киргизгенбиз. Жети эле киши өзүбүздүн каражат менен эч кимден акча сурабай эле түзгөнбүз. Президент, депутаттар менен жолугуп бул сунушубузду киргизгенбиз.

Ошондуктан, бийликтеги жаш жетекчилер акча сураса аларды дароо кетириш керек. Азыр жаңы технологиялар, жаңы инструменттер бар, аларды колдонуп иштесе болот. Бүгүн бийликте иштеген кээ бир жаш жетекчилер байкашымча көбүнчө каражат жактан проблема чыгарып жатышат.

- Азыркы жаштар саясатын кандай деп баалайсыз ?

- Бүгүнкү аябай оор экономикалык абалда жаштарга көңүл бурганга шарт жок, мүмкүнчүлүк аз болуп турат. Азыр энергетикалык кризис актуалдуу болуп турган шартта жаштар проблеманы өз колдору менен чечип, Кыргызстандагы чоң бейөкмөт уюмдар, эл аралык уюмдар менен долбоор түзүп иштеп абалды кичине өзгөртсө болот.

Биз азыр Жогорку Кеңештен мен тандалып, президенттик администрациядан жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн жумушчу топ түзүлүп, жаштар боюнча улуттук концепцияны иштеп чыгып жатабыз. Концепциянын ичинде мен айткан жаңы инстурменттер, технологиялар киргизилген. Жаңы долбоорду октябрь айында карапайым элге сунуштайбыз.

- Кененирээк айтып кетесизби, жаңы технологиялар дегенде эмнени түшүнсө болот?

- Жаштар иши боюнча департамент өзүнүн ишин аткара албагандыгын көрсөттү. Концепцияга ылайык бул департамент жоюлуп, ар бир министрлик, мекемелердин ичинде жаштар боюнча бөлүмдөр ачылышы керек. Ал бөлүмдөрдүн ишин көзөмөлдөө президенттин администрациясына берилиши керек.

Себеби, бул аябай актуалдуу маселе. Учурда жаштар радикал ислам уюмдарына жана кылмыш чөйрөсүно көп тартыла баштаганын биз баарыбыз эле байкап жатабыз. Жаштар мамлекетке, билимге кызыкпай, көбүнчө мечитке барып жатышат. Беш жылдын ичинде мамлекет жаштарга көңүл бурбаса келечекте чоң проблема болушу мүмкүн. Биздин сунушубузга ылайык, бир жылдын ичинде департаментти жоюп, жалпы Кыргызстан жаштары боюнча жалпы концецияны киргизүү каралган.

- Рахмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG