Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:21

Бүгүн Азербайжанда президенттик шайлоо өнөктүгү башталды. Шайлоо бир айдан кийин 15-октябрда өтөт. “Азаттыктын” азери редакциясынын Бакудагы бөлүмүнүн жетекчиси Кадича Исмаилова жумурияттагы шайлоо алдындагы кырдаал жана бул жолку президенттик шайлоодон эмнелерди күтүүгө боло турганы жөнүндө ойлору менен бөлүштү.

Кадича айымдын оюнда, бул жолку шайлоодо азыркы президент Илхам Алиев жеңип чыга тургандай. Бул ойго көпчүлүк эксперттер да кошулат. Анткени байкоочулар азыр “Илхам Алиев ири колдоого ээ болот - маалыматтык да, административдик да чоң ресурстарды колдонот”, -дешет. Шайлоо алдындагы кырдаал көрсөткөндөй, мамлекеттеги сыналгы каналдарда да, радио станцияларда да Илхам Алиев көп чыгып жатат. Оппозиция болсо баардык теле компаниялар көзөмөлгө алынган деп кайталап келет.

Жалпысынан бүгүн Азербайжанда беш жеке менчик телекомпания бар. Алардын ичинде бирөөсү президенттин жакын эле тууганына тандык. Экинчисинин башкы директору – Диаспора министринин бир тууганы. Азырынча шайлоону чагылдыруу боюнча жүргүзүлгөн эл аралык изилдөөлөр, негизинен маалымат каражаттарында бийликтеги партиянын ишин чагылдыруу басымдуулук кылаарын көрсөтүшүүдө. Ал эми оппозицияны ал телекомпаниялар адатта сындашат же начар абалда чыгарышат.

- Жети талапкер азыр президенттикке ат салышууда. Оппозиция болсо азыркы шайлоо алдындагы кырдаал менен шайлоо тууралуу азыркы мыйзамдын негизинде ачык, айкын добуш берүү болооруна ишенбей, шайлоого бойкот жарыялады. Өнөктүк 17-сентябрда башталды. Андан 28 күндөн кийин эле шайлоо болот. Оппозиция бул убакыт алардын программасын калктын калың катмарына жеткирүүгө жол бербейт деп чочулашты. Алар жөө жүрүштөрдү да өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болбойт дешет. Алардын эркин жыйналууларына катуу чектер коюлган.

Мамлекетте эркин медиа жок, андыктан электорат менен байланышууга мүмкүн эмес. Шайлоону болсо тааныбайбыз, анткени анын жыйынтыктары баары бир бурмаланат дешет. Эми кандай болоорун көрөбүз. Бирок Азербайжанда ушул убакытка чейинки шайлоолордун бирөө да эл аралык стандарттарга жооп берген эмес деп таанылган.


“Азаттык”: - Бул жолку шайлоо өнөктүгү буга чейинкилеринен эмнеси менен айырмаланып жатат жана бул жолу сырттан кимдир бирөөлөр – эл аралык байкоочулар же башка мамлекеттердин жетекчилери анын жүрүшунө таасир көрсөтө алышабы?

- Эл аралык коомчулук, негизи бул шайлоо жараянынын жана анын жыйынтыктарынын кабыл алынышын же алынбашын карап, ошого жараша пикирин билдирет. Азыркы кырдаал 2005 же 2003-жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоолор алдындагы абалдан бир топ эле айырмаланат.

Анда Орусиянын Коопсуздук кызматынын жетекчиси азери президенти Илхам Алиевге кантип оппозиция менен күрөшүүнүн жолдорун айткан деген сөздөр чыккан эле. Бул жолку шайлоодо болсо андай проблема жок, анткени оппозиция шайлоого катышуудан такыр эле баш тартты. Андыктан байкоочулар бул ирет добуш берүүгө өтө эле аз адам катышат деп божомолдоп жатышат.

Чынында, азыр президенттик орун үчүн чоң күрөш деле жүрүп жатканы байкалбайт. Биз кайрылган эксперттер быйылкы президенттик шайлоону Азербайжан тарыхындагы “эң кызыксыз шайлоо” болот дешүүдө. Эксперттердин көбү бул жолу чыныгы шайлоо болбой турганын, анткени добуш берүүчүлөр үчүн тандоо берилбегенин мисал келтиришти.


Кадича Исмаилованын айтымында, жакында Азербайжанда эки жолу жардыруу болду. Муну коопсуздук жаатындагы жергиликтүү эксперттер орусиялык тыңчылардын эле кылганы деп жатышыптыр. Анткени ушундай шайлоо алдындагы учурда алар өлкөдөгү абалды курчутуп, энергетика жаатында Орусия сунуш кылып жаткан долбоорду Бакуда кабыл алдырганга аракет кылып жатат дееген пикирлер бар.

Бул жолку шайлоо өнөктүгүндө да, буга чейинкилериндегидей эле, Тоолуу Карабак маселеси президенттикке талапкерлердин программасында негизги орунду ээлейт. Алардын дээрлик баары эле проблеманы чечүү жолун биле тургандыктарын айтып жатышат. Бирок кантип чечишээри белгисиз. Анткени программалары ачык жарыя кылына элек.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG