Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Акциялардын баасы бир аз жогорулаганы менен Дүйнөнүн каржы базарларында кечээ дагы соода кызуу жүргөн жок


АКШда болсо Доу Жонстун биржалык индекси 4 пайызга төмөндөдү. АКШ өкмөтү бүткүл дүйнө боюнча иш жүргүзгөн American International Group компаниясын банкроттуктан сактап калуу үчүн 85 миллиард доллар насыя бөлгөн. Дүйнөдөгү эң ири камсыздандыруу компаниясы - American International Group насыя алары жарыяланган соң Азияда эки күнкү төмөндөөдөн соң биржалык индекстер менен баалуу кагаздардын баасы көтөрүлдү. Жогорулоо кечээ эртең менен Европанын биржаларында да байкалган эле, бирок түштөн кийинки соода кайра индекстердин төмөндөөсү менен аяктады. Нью-Йоркто болсо кечээ мунайдын жана алтындын баасы бир аз көтөрүлгөнү кабарланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG