Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:33

10:25 Башкы прокуратура Б.Жээнбековго карата көрүлгөн чараларды жокко чыгарды


“Алиби” гезитинин мурунку башкы редактору Бабырбек Жээнбеков доогер Асылбек Салиевге 1 миллион сом төлөп бербегендиги үчүн 9-сентябрда тергөөчү Т.Байчаев тарабынан камакка алынган. Бишкек шаардык прокуратурасы Жээнбековдун кармалышы негизсиз болгонун билдирип, бошотуу талабын коюп, ал бошотулган. Андан сырткары Бабырбек Жээнбеков Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер болуп катталгандыктан, тергөөчү тарабынан аны жоопко тартуу жана шаардан чыкпоо тууралуу алган тил катын да башкы прокуратура жокко чыгарды. Мындай чечим “Шайлоо” кодексинин талаптарына ылайык кабыл алынган башкы прокуратуранын маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты.(AiT)

XS
SM
MD
LG