Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:41

10:38 Президент Араван районунда цемент заводунун ачылышына катышты


Ош жана Жалал-Абад облустарына сапарынын алкагында 18-сентябрда президент Курманбек Бакиев Араван районунда болуп, кубаттуулугу жылына 200 миң тонна цемент өндүрүүчү заводдун ачылышына катышты. Өлкөдөгү саясий кырдаалга токтолгон мамлекет башчысы оппозиция бийликке негизсиз сын айтып жатканын белгилеп, жергиликтүү бийлик башчыларын 5-октябрга боло турган шайлоолорго кийлигишпөөгө чакырды. Бүгүн президент Ош шаарында жана Кара-Суу районунда болуп, жер титирөөдөн жабыркаган мектептердин курулушу менен таанышат. Бул тууралуу “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Алишер Токсонбаев маалымдады.(AiT)

XS
SM
MD
LG