Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

11:11 Түркмөнстан Кыргызстанга газ, электр энергиясын экспорттоого даяр


Кыргызстандын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков 17-сентябрда Түркмөнстандан газ, электр энергиясы жана суюлтулган газ саытп алуу боюнча Ашхабадда сүйлөшүүлөр өткөрдү. Анда түркмөн тарап 900 миллион куб метр газ, 1 миллиард 200 миллион килловат саат электр энергиясын жана суюлтулган газды берүүгө даярдыгын билдирген. Бирок түркмөн тарап аларды өзүнүн чек арасынан гана чыгарып бере алат. Андан ары Өзбекстан аркылуу алып өтүүнү Кыргызстан өзү чечүүгө тийиш.Ашхабаддагы сүйлөшүүлөрдөн кийин министр Сапарбек Балкыбеков бүгүн Алама-Атага жөнөп кетти. Казакстанда жума күнү Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан министрлери региондун энергетикалык системасын кыш мезгилинде биргелешип иштетүү боюнча сүйлөшүү жүргүзөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчисинин кеңешчиси Мелис Сыдыков “Азаттыкка” маалымдады. Белгилүү болгондой регион министрлеринин өткөн жумадагы Алма-Ата шаарындагы сүйлөшүүсү натыйжасыз аяктаган. Министрлер эки кайрадан орток пикир табууга аракет жасашат.(AiT)

XS
SM
MD
LG