Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

С.АСАНОВ: МУГАЛИМДЕРДИН ТАЛАБЫ ҮЧ КҮНДҮН ИЧИНДЕ ЧЕЧИЛЕТ


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Кечээ (17-сентярбь) жыйырмадай мугалимдер Жогорку Кеңештин алдында нааразылык акциясына чыгышкан. Алар мугалимдердин педагогикалык стажы үчүн төлөмдөрдү көбөйтүүнү талап кылышууда. “Азаттыктын” таңкы түз маегинде Билим берүү министрлигинин экономика бөлүмүнүн башчысы Салмоор Асанов мугалимдер тарабынан коюлуп жаткан талаптар канчалык жүйөөлүү экенине түшүндүрмө берди.

Кечээ жыйырма чакты мугалим Жогорку Кеңештин алдында педагогикалык стаж үчүн төлөмдөр берилбей жатканын айтышып, негизинен Каржы министрлигине нааразылыгын билдиришти. Алардын арыз-арманы канчалык жөндүү?

- Сиз туура айтасыз. Кечээ мугалимдер менен Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жыйындар залында вице премьер Элмира Ибраимова, биздин министрликтин орун басары, каржы министринин орун басары, өкмөттүн жооптуу кызматкерлери катышып, мугалимдер менен жолугуштук. Кээде биздеги маалыматтар туура эмес кетип калып жатат.
Биринчиден, жалпы мугалимдердин маселеси эмес экен. Бул колунда соттун чечимин алган мугалимдердин маселеси экен. Жайында июнда алышпады беле. Буларга жетпей калган. Ошол мугалимдердин тобу экен.

Ал жолугушууда вице премьер Ибраимова биздин көзүбүзчө, мугалимдердин көзүнчө каржы министринин орун басарына үч күндүн ичинде маселе чечилсин деп көрсөтмө берди. Мугалимдер буюрса, үч күндөн кийин кайра каржы министринин орун басары менен жолугушат.

- Маалыматтарга караганда 300 миллион сом берилиш керекпи?

- Жок. Быйылкы 2008-жылдык бюджетте 100 миллион сом каралган. Бюджетке өзгөртүү көрсөтүп 350 миллион сом деген. Толук маалымат берилген эмес. Каржы министринин орун басары кошумча акчаны издөөгө аракет кылабыз деп айтты.

- Кечээ мугалимдердин өкүлдөрү “Азаттыктын” кеңсесине келишип, Билим берүү министрлиги алардын таламдарын талашпай, укуктарын коргобой жатканын айтышты. Министрлик тарабынан аларга кандай колдоо болуп жатат?

- Ал эми мугалимдердин пикири. Ал туура эмес. Мен айта албайм, анткени ар кимдин өз пикири болот . Бирок мен биздин министрликтин маалыматы толук жетпей жатканын айтып кетейин.

- Сиз билим берүү министрлигинин экономика тармагын тейлейт экенсиз. Бизге жеткен маалыматтар боюнча азыр орто мектептерде бүтүрүүчүлөрдүн кечесине акча чогултуу башталыптыр. Ушул боюнча министрлик кандай чара көрөт?

- Бул жыл сайын болчу проблема. Муну ата-энелер өзүлөрү чыгарып алып, анан министрликке, билим берүү тармагына, мектептерге шылтап коюшат. Биз жыл сайын эле мамлекеттик органдарга, радио, телевидениеге дайыма маалымат берип келебиз. Биздин министрлик буга каршы. Акча чогултпагыла деп айтып келебиз.

- Ал эми министрлик тарабынан ошондой мектеп жетекчилерине чара көрүлөбү?

- Бир гана мектеп жетекчилерин гана эмес райондук бөлүм башчыларына чейин чара көрүлөт. Жакында билесиздер, Кантта биздин министрликтин уруксаты жок эле өзүлөрү уюшуп, ал жерден бир бала каза болгон. Бул боюнча Ысык-Ата райондук бөлүмдүн башчысы кызматынан бошотулган. Мектептин директоруна чара көрүлдү. Министрлик эч нерсе кылбайт деген туура эмес.

XS
SM
MD
LG