Президент Бакиевдин Оштогу сапарында Аравандагы цемент заводунун, кыштагы зилзаладан катуу жабыркаган үч мектептин жаңы имараттарынын ачылыш аземине катышты. Ошондой эле Ош облусунун жана шаарынын активи менен жолугушту. Иш-чаралардын жүрүшүндө мамлекет башчысы жүйөөсүз сындагандыгы үчүн оппозицияны айыптап, жергиликтүү бийликти 5-октябрдагы шайлоого кийлигишпөөгө чакырды. Ага улай калкты отун, азык-түлүк менен камсыздоо маселеси чечилгендигин, бирок энергетика тармагы менчикке сатууга муктаждыгын ачыктады. Оштук серепчи Санжар Тажиматов президент Бакиев бүткөн курулуштарды кыдырбастан, тескерисинче эл менен көзмө-көз жолугуп, көйгөйүн угуп, проблемаларды жеринде чечкенге ыктаса, өлкө мындан утмак деген оюн билдирди. (ATo)
17:25 К.Бакиев жергиликтүү бийликти жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна кийлигишпөөгө чакырды