Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:58

“БИРДИКТҮҮ КЫРГЫЗСТАН”: БИЙЛИК ЭЛДИН СӨЗҮН БҮГҮН УКПАСА, ЭРТЕҢ КЕЧ БОЛУП КАЛАТ


Бүгүн (18-сентябрь) “Бирдиктүү Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылы өлкөнүн экономикалык абалы боюнча форум өткөрдү. Анда азык-түлүк коопсуздугу, энергетикалык кризис жана каржы системасы тууралуу маселелер козголду. Аягында өлкөдө түзүлүп жаткан экономикалык оор кырдаалдан чыгуу боюнча сунуштар кыргыз элине жана мамлекет башчысына жолдонду. Ошол эле учурда тегерек үстөлгө байкоочу катары катышкан айрым саясатчылар “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылы тарабынан уюштурулган бүгүнкү форумдун негизин көбүнчө өткөн чакты эңсөө түзгөнүн билдиришүүдө.

“Бирдиктүү Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылы өткөргөн бүгүнкү форумда биринчи маселе болуп азык-түлүк коопсуздугу каралды. Акыркы эки жылдан берки нан жана башка азыктардын кымбаттап жаткандыгы айтылып, буга негиз катары айыл чарба, кайра иштетүү тармактарынын өнүкпөй жаткандыгы белгиленди.

Форумдагы кызуу талаш-тартышты жаратып, катышуучулардын бүйрүн кызыткан маселе –энергетикалык кризиске байланыштуу болду. Бүгүнкү күндө күнүнө сегиз сааттан жарыксыз отуруу элдин жашоо-тиричилигине гана кедергисин тийгизбестен, ишканалардын жабылуусуна, мамлекеттик бюджетти белгилүү бир өлчөмдөгү акчадан кур калтырып жаткандыгы адистер тарабынан баса белгиленди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, энергетика боюнча адис Райымбек Мамыровдун сөзү боюнча учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылкыга караганда төрт млрд метр кубга аз:

-Мурдагы жылга көрсөткүчкө караганда 8 млрд метр кубдан да аз. Биз бүгүнкү күндөгү маселени чечүүгө аракет кылышыбыз керек. Эң негизгиси азыркы учурда сырттан 1-1,5 млрд метр куб электр энергиясын сатып алып келишибиз керек. Башка айлабыз жок. Эгер антпесек жаңы жылдын февралына жетип-жетпей Токтогул суу сактагычы таптакыр соолуп калуу коркунучунда турат.

Илимдер Улуттук Академиясынын Суу проблемалыры институтунун жетекчиси, академик Дүйшөн Маматкановдун айтуусунда, Токтогул суу сактагычы Өзбекстан менен Казакстандын керектөөсүн кандыруу максатында курулган. Бул үчүн алар Кыргызстанга жылыга 150 млн доллардан төлөп берүүгө тийиш болчу:

-Эгер биз жыл сайын 150 млн доллардан чыгашага учурап, жоготуп атсак, Өзбекстан мунун эсебинен жыл сайын 800 млн доллар таап отурат. Алар ошол 800 млн доллардын ичинен бизге 150 млн берүүгө каршы болмок эмес. Биз мына ушуну да 1998-жылы түзүлгөн келишим менен жокко чыгарып алдык.

Форумдун жүрүшүндө сөз алып сүйлөгөн айрым катышуучулар бүгүнкү экономикалык оор кырдаалга азыркы мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин күнөөсү чоңдугун да белгилеп жатышты. “Элим менен элим үчүн” коомдук фондунун төрагасы Аманбай Сатыбаев “Кыргызстан бүгүн башынан кечирип жаткан күн үчүн президент Курманбек Бакиев жооп берүүгө тийиш”, - деп эсептейт. Ал эми Революциялык комитеттин мүчөсү Роза Нурматова бийлик алмашмайынча кырдаал оңолбостугун айтып, ал үчүн бир гана революциялык жол бар экендигин билдирди.

“Бирдиктүү Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылынын мүчөсү, мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда Коопсуздук кеңешин жетектеп турган Болот Жанузаков президент бүгүн элдин сөзүн укпаса, эртең кеч болуп калат деген эскертүүсүн билдирди:

-Бүгүнкү күндө элибиз кара курсагынын камын ойлоп калды. 21-кылымда биз ушуга жеттик. 21-кылымда биз тезек тере баштасак. Жеткен жерибиз ушул болобу? Элибизге жарык менен жылуулук бере алабызбы же жокпу? Буга кудуретибиз жетеби же жетпейби, башыбызда акылыбыз барбы же жокпу? Мына ушул маселелер болуп атат. Бүгүнкү көтөрүлгөн маселелерди аткарууга макул болбосо, ага даяр болбосо, анда бийлик элдин сөзүн угушу керек. Эгер элдин сөзүн укпаса, анда эл өзү чечет.

Форумдун аягында анда козголгон маселелер, айтылган сунуштардын негизинде кыргыз элине жана мамлекет башчыга расмий кайрылуу жолдоо чечими кабыл алынды. “Бирдиктүү Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылынын төрагасы, мурдагы өкмөт башчы Амангелди Муралиев мүмкүнчүлүк болсо президент Курманбек Бакиев менен жолугушуп, анын өзүнө да өлкөдө болуп жаткан кырдаалды түшүндүрүү аракеттери жасалаарын “Азаттыкка” билдирди.

Бул иш-чарага “Акыйкат үчүн” кыймылынын бир катар мүчөлөрү байкоочу катары катышты. Алардын бири “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев бүгүнкү форумда Кыргызстандын келечек маселелерин чечүү эмес, негедир өткөн чакты эңсөө, өткөнгө кайрылууну каалоолор арбын болду деген пикирин айтты. Анын оюнча мындан көрө азыркы кырдаалдан чыгуунун жолдорун көрсөткөн сунуштар арбын болсо жакшы болмок:

-Мисалы айыл чарбасы тууралуу айтылган учурда мурдагы СССР тушундагы колхоз-совхоздорду кайтаруу, ошол учурдагыдай иш жүргүзүү тууралуу айтып атышат. Бирок биз маселеге реалдуу карашыбыз керек. Андан бери бизде айыл чарбасында менчиктештирүү кеткен. Азыр элеттеги жерлердин баары элдин менчигинде. Бүгүн барып кайра аларды бер десе, эл буга макул болбойт. Андан көрө жаңыча айыл чарба кооперативдерин түзүп, башкача көз карашта, башкача мамиле жасоого тийишпиз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG