Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:47

ГЛОБАЛДУУ ФИНАНСЫЛЫК ДҮРБӨЛӨҢ УЛАНУУДА


Дүйнөнүн каржы базарларындагы кризистик жагдай сакталууда. Орусиянын биржалары эки күндүк тыныгуудан кийин жума күнү гана ачылмакчы. Мындай чечим баалуу кагаздар менен акциялардын наркы кескин төмөндөп кеткенден кийин кабыл алынган. Глобалдуу баш аламандыкты алдын алуу үчүн бир катар ири банктар биргелешип чара көрүү жөнүндө макулдашышты.

Дүйнөдөгү бир катар борбордук банктар доллардын каржы базарындагы эркин жүгүртүлүшүн камсыздоо үчүн ири каражат бөлүп жатканын кабарлашты. АКШнын Федералдык резерв системасы бул максатта 180 миллиард доллар бөлүүдө. Бул операцияга ошондой эле Европанын борбордук банкы, Япониянын, Швейцариянын, Канада жана Англиянын борбордук банктары тартылган.

Британиянын каржы министри Алистар Дарлинг дүйнөлүк банк системасындагы стабилдүүлүктү кармап туруш үчүн өкмөттөр, борбордук банктар чечкиндүү жана тез аракет көрүүгө тийиш деп билдирди.

Көпчүлүк инвесторлор ушу тапта акцияларын же башка финансылык активдерин накталай акчага айландырып, коопсуз инвестицияга салууга шашылууда. Ошондой салттуу инвестициялардын бири –алтын. Натыйжада алтындын баасы да кескин өсүп кетти. Гонконг биржасындагы соодаларда алтындын бир унциясы дээрлик 80 долларга өсүп, 865 долларга жетти.

Азыркы туруксуздук ипотекалык кризистен келип чыккан. Андан финансы дүйнөсүндөгү дөө шаалар – Lehman Brothers, Merrill Lynch, Bear Stearns инвестициялык банктар жабыркашты.
Адистер эмки кезек Morgan Stanley жана Goldman Sachsка келиши ыктымал деп эскертишүүдө.

Үстүбүздөгү аптада АКШ өкмөтү дүйнөнүн булуң-бурчунда иш жүргүзгөн American International Group компаниясын банкроттуктан сактап калуу үчүн 85 миллиард доллар насыя бөлгөн. Буга карабай дүйнөлүк биржалардагы индекстер төмөндөөсүн улантышты.

Шаршембиде орус биржаларындагы баалуу кагаздар менен акциялардын наркы арзандап кеткендиктен, соода токтотулуп, каржы министри Алексей Кудриндин ырастоосунда, биржалар жумага чейин ачылбайт.

Рынок боюнча адистер глобалдуу кризис жөнгө салынды деп айтуу азыр эрте дешет. Алардын бири Арт Хоган:

Финансы индустриясын алып карасак, Bear Stearns куткарылды. Ага кубангычакта Fannie менен Freddieге тынчсыздана баштадык. Алар да аман калды. 15 мүнөттөн кийин Lehman Brothersтин кезеги келди. Lehman чөгүп кетти. Эсибизди жыйгычакта эле AIGге камтама боло баштадык. AIG куткарылды. Эмки кезек кимде? Ошентип, тилекке каршы, улам бир банк кыйынчылыкка кептелүүдө, улам бирөө чөгүп кетүү коркунучуна туш болууда. Ошондуктан рынокто стабилдүүлүк орнобой жатат.

XS
SM
MD
LG