Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:40

Президент Курманбек Бакиев Оштогу сапарында түштүк аймагында цемент тартыштыгы биротоло жоюулаарына ишендирип, азыркындай кризистен улам энергетика тармагын менчиктештирүү зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле конструктивдүү эмес сын-пикирлери үчүн оппозицияны айыптап, жергиликтүү бийликти 6-октябрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолорго кийлигишпөөгө чакырды. Айрым жарандар мамлекет башчысына жолукпай калганына нааразыланып, бийлик менен элдин ортосунда пайда болгон ажырымдын акыры “Март ыңкылабынын” кайталанышына алып келет деген пикирди айтышууда.

Араванда жайгашкан курулуш материалдары комбинатына караштуу цемент заводун ишке киргизүүгө катышкан президент түштүк аймагы мындан ары цементке зарыкпай тургандыгын, а түгүл аны чет өлкөлөргө экспорттоого мүмкүнчүлүк алаарын жарыя кылды:

- Эми мындан кийин буюрса эки жыл мурда болгон цемент боюнча ызы-чуу, баалардын асманга көтөрүлүшү токтолот деп эсептейм. Эмки жылы мартка жетпей Кызыл-Кыядагы миллиондон ашык тонна цементти чыгара турган завод ишке кирет. Демек, биз түштүк регионду толук жаап, экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Курманбек Бакиев ошондой эле конструктивдүү эмес сын-пикирлери үчүн оппозицияны айыптап, жергиликтүү бийлик башчыларын жергиликтүү Кеңештердин шайлоосуна таптакыр кийлигишпөөгө, элди өзү жетектеген «Ак жол» партиясынын пайдасына үгүттөбөөгө чакырды.

- Орусча айтканда, конструктивдүү критика болуш керек да. Бийликти сындаганга. “Эй, бийлик сен бул ишти туура эмес кылып жатасың, бул ишти мындай кылсаң, жыйынтыгы мындай болот”, деген бир оппозиционерди көрө элекмин. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлайсыздар, ушуну саясатташтырбасак. Өзүңүздөр каалаган депутатыңарды шайлагыла. “Ак жол” партиясынын атынан тигини, муну чыгарабыз дегенди койгула. Жергиликтүү бийликтин жетекчилерине кайрылгым келет. Ал партияны өткөрбөйбүз, муну колдойбуз дегенди койгула.

Өлкө башчысы андан аркы сапарында кыштагы зилзаладан катуу жабыркаган Кара-Суу районундагы Култаев мектебинин жаңы имаратынын тасма кесүү иш-чарасына катышты. Президент ал жердеги мугалимдерге мындан кийин да камкордук күчөтүлөөрүн убада кылып, учурда кендирди кескен энергетика тармагын менчиктештирмейинче, акыбал оңолбостугун эскертти:

- Коррупция энергетикада толуп жатат. Аны жок кылыш керекпи...? А өкмөттү алты айдан кийин да алмаштырып жиберсең да, бул жок болбойт. Эртең башка президент келсе да, муну жок кыла албайт. Мунун бир гана жолу бар- менчиктештирүү керек. Качан ээси болгондо, жеке менчик болгондо, ошондо уурдаткызбайт. Ошондуктан, бул боло турган иш.

Мындай сөздөргө улай Курманбек Бакиев калкты отун, азык-түлүк менен камсыздоо маселеси чечилгендигин да кошумчалады.

Президенттин Ош аймагындагы сапарында карапайым калкка жолукпастан, көз боёгон аткаминерлерге жана дежур кишилерге учурагандыгына нааразылыгын билдирген Кара-Суу районунун тургуну, “Баатыр Эне” Тургунбү Пороева буларга токтолду:

- Курманбек Бакиев биз менен бирге жүрүп, бирге туруп, бийликке келди. Бийликке келгенден кийин карапайым эл менен чоңдорду экиге бөлүп койду. Эшиктин алдында турдук. Бизди киргизбей койду. Келгендери баягы эле аткаминерлер, дежурлар, баягы эле Акаевдин заманы болуп кетип жатат.

Ал эми Курманбек Бакиев катышкан Ош облусунун жана шаарынын жыйналышына кире албай сыртта калган Токтобай Төрөгелдиев бийлик менен элдин ортосунда пайда болгон ажырымдын акыры “Март ыңкылабынын” кайталанышына алып келет деп кабатырланды:

- Калыстык үчүн жок дегенде бир жолу проба катары чыныгы карапайым элдин катмары менен жолугуп кетсе жакшы болот эле. Эртең болбосо да, бүрсүгүнү эл менен бийликтин ортосундагы чоң ажырым болот. Мунун акыры 2005-жылдагы элдик ыңкылаптын кайталанышына алып барышы мүмкүн.

Оштук серепчи Санжар Тажиматов президент менен жасалма жолугушуулар маселени чечпестен, тескерисинче социалдык жарылууну эртелетээрин ачыктады:

- Жасалма жолугушуу болуп калып жатат да. Элдеги маселени бир ооз мамлекет башчысына эл эркин айтып алса, бул чоң клапандуу механизм болот да. Адамдардагы чыңалууну кичине азайтуу. Ал эми айта албай калса, албетте, нааразычылык барган сайын күчөп, клапан толуп, жарылышы мүмкүн.
XS
SM
MD
LG