Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

08:12 Күйдүргү оорусу менен алты адам дарыланууда


Маалыматтарга караганда, акыркы күндөрү сибирь жарасына шектелип, ооруканага түшкөн 55 адамдын 34дө күйдүргүнүн тери формасы аныкталган. Өкмөттүн басма-сөз кызматы билдиргендей, инфекцияны очогу деп эсептелген жерлерде профилактикалык жана эпидемияга каршы чаралар көрүлдү. Сибирь кулгунасы эң көп катталган Түштүк аймакка инфекцияга каршы эмдөө препараттардын 5миңден ашуун даанасы жеткирилди. Адамдардын күйдүргү дартын жугузуп алып жаткандыгы боюнча маселе 23-сентябрда өтө турган өлкөнүн көпсекторалдуу координациялык комитетинин чукул жыйынында каралмай болду. Күйдүргү илдетинин эл ичинде көп катталышына байланыштуу маселени парламенттин тиешелүү комитети карашы күтүлүүдө.(MSu)

XS
SM
MD
LG