Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

РАЙС РОССИЯНЫ КАЙРАДАН КЕСКИН СЫНГА АЛДЫ


АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Вашингтондогу Маршалл фондусунда сөз сүйлөп, Россиянын жетекчилерин азыркы саясаты менен өлкөнү эл аралык изоляцияда калтырганы жатканын эскертти. Райс Россияда ички турмушта авторитардык тенденция күч алып, тышкы саясатта Москванын агрессивдүүлүгү артып баратат, мунун баары россиялыктардын таламдарына каршы келет, экономикага кедерин тийгизет деп эсептейт. Мамлекеттик катчынын сөзү толугу менен АКШ-Россия мамилелерине арналды.

Кондолиза Райс Москванын акыркы аракеттери Батышта Россия мындан ары кандай багытка түшөт деген чоң кадик-күдүктөрдү жаратканын белгиледи. Кавказдагы жаңжалдын кесепетинен улам Россия эл аралык аренадагы позициясын өтө начарлатып алды жана орус жетекчилери өлкөнүн экономикасына зыян келтиришти. “Жарандык атом энергетика тармагында Россия менен АКШнын кызматташтыгы улантылбайт, Россиянын Бүткүлдүйнөлүк соода уюмуна киргиси келген максаты, ошондой эле Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бирикмесине мүчө болуу мүдөөсү да арсар абалда калды”.

Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныган Москванын кадамын Райс шакаба чеге баалады. Анын айтымында, “Никарагуанын президенти Даниэль Ортега менен палестиналыктардын аскерлештирилген Хамас тобу гана Россияны далыга таптаганын дипломатиялык жеңиш деп аташ кыйын”. Венесуэлага орустар аскери, анын үстүнө эскирип калган эки учагын жибергенин да Райс кер-какшык апазда эске салып өттү.

Эң башкысы – “Россиянын Грузияга басып киргени узак мөөнөттүү стратегиялык эч кандай максатка жеткен жок жана жетпейт”. “Москванын жосун-жолоюндагы өзгөчө камтама кылган нерсе - өзүнүн суверендүү коңшуларын такай басмырлайт, мунай менен газын саясий курал кылып колдонот, бейкут жаткан элдерге ракеталарын мээлеп коем деп коркутат, атүгүл орус журналисттерин, диссиденттерин куугунтуктап турат”,-деп көрсөттү Райс.

Райстын айтымында, Россия өзүнүн жүрүм-турумун НАТОнун кеңейиши менен актай албайт. Бул уюмду АКШ менен анын союздаштары бир кезде бөлчөктөнүп-бөлүнүп калган Европаны коргогон союздан эркин жана бейкуттукту жайылткан каражатка айлантуу үчүн аракет кылышууда. Айрым бир эркин өлкөлөргө Москва өмгөгүн көрсөтүп койсо эле АКШ менен анын европалык өнөктөштөрү башын катып, унчукпай калбай турганын эскертип, Райс Россия дүйнөгө көз каранды экенин жана муну өзгөртө албасын эске салды.

Райс ошону менен бирге кандай болгон күндө да АКШ Россия менен маданий байланыштарын үзгөнгө ниети жоктугуна, тескерисинче, өзүнүн улуу өлкөсүнө эркин келечекти каалаган бардык орустарга, айрыкча журналисттер менен реформаторлорго Вашингтон колдоо көрсөтө берерине ишендирди.

Райстын сөзүнө Россиянын ырасмий өкүлдөрү дароо жооп айтышкан жок. Муну алар бүгүн жасайт болуу керек. Алардын ордуна ИТАР-ТАСС озунуп өзүнүн комментариясын жарыялап, мамлекеттик катчынын сөзүн “формасы жагынан айбаттуу, бирок мааниси жагынан мажес” деп баалады.

XS
SM
MD
LG